2026-жылдын 30-сентябрь күнү Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун социология жана социалдык иш кафедрасынын «Социалдык иш» багытында билим алып жаткан 1, 2, 3 жана 4-курстун студенттери Жапониядан келген компания өкүлдөрү менен жолугушту.
Жапония тараптан келген коноктор:
- Хара Юичи – «Харадои ооруканасы» социалдык-медициналык корпорациясынын жана «Fukushi wo Design» социалдык-кайрымдуулук корпорациясынын Башкармалыгынын төрагасы (Фукуока префектурасы);
- Ясуда Такужи – «YM Service Co., Ltd.» компаниясынын директору, «YM Foods Co., Ltd.» жана «YM Support Co., Ltd.» компанияларынын башкы директору;
- Агаеши Мицунори – «Hikari Fukushi Service Co., Ltd.» компаниясынын башкы директору;
- Савада Юкихиро – «LS Co., Ltd.» компаниясынын өкүлү;
- Мияра Михо – «Home Care Service Co., Ltd.» компаниясынын директору, операциялык бөлүмдүн башчысы;
- Кокубу Наоко – «Home Care Service Co., Ltd.» компаниясынын өкүлү, «Care Residence Aoba» акы төлөнүүчү карылар үйүнүн багуу кызматынын жетекчиси;
- Танигучи Макико – «Home Care Service Co., Ltd.» компаниясынын өкүлү, «Care Residence Aoba» карылар үйүнүн багуу кызматынын жетекчиси;
- Кацуя Кеичи – «LIFE・DESIGN Co., Ltd.» компаниясынын башкы директору (Нагасаки префектурасы);
- Ивацу Ежиро – «Адам ресурстарын эл аралык өнүктүрүү уюму» (IM Japan) коомдук пайдалуу фондунун Ишмердүүлүктү илгерилетүү департаментинин башчысы жана «Specified Skilled Worker» программасы боюнча Башкы башкармалыгынын жетекчиси;
- Коно Жюн – «IM Japan» коомдук пайдалуу фондунун Фукуокадагы филиалынын бөлүм башчысы;
- Ихара Чихиро – «IM Japan» коомдук пайдалуу фондунун Сайтамадагы филиалынын кызматкери;
- Такахара Дайсуке – Кыргыз-Япон институтунун директору;
- Токтогонова А. Р. – котормочу.
Социалдык-гуманитардык илимдер институту тараптан:
- А. Т. Качкынова – СГИИнин директору, философия илимдеринин кандидаты, доцент;
- Социология жана социалдык иш кафедрасынын окутуучу-профессордук курамы: социология илимдеринин кандидаттары, доценттер Б. А. Малтабаров, А. А. Усубалиева, Б. М. Кошбакова жана А. К. Шайылдаева.
Жолугушуунун алкагында «Социалдык иш» багытынын студенттери үчүн атайын презентациялар өткөрүлүп, Жапониядагы социалдык тейлөө жана камкордук көрсөтүү тармагы тууралуу кеңири маалымат берилди.
Жапониялык меймандар өз мекемелеринин ишмердүүлүгүн чагылдырган видеоматериалдарды көрсөтүп, социалдык тармакта иштөөнүн өзгөчөлүктөрү, практикалык иш процесстери жана Жапонияда колдонулган заманбап ыкмалар тууралуу айтып беришти.
Бул жолугушуу студенттерге Жапониянын социалдык тейлөө тармагындагы тажрыйбасы менен жакындан таанышууга жана келечектеги кесиптик мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат алууга аянтча түздү. Түптөлгөн кызматташтык Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы билим берүү жана кесиптик тажрыйба алмашуу багытын мындан ары да өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.
Жолугушуунун негизги жыйынтыгы катары жапониялык кесиптештер студенттер менен маектешүү өткөрүп, «Социалдык иш» багытындагы 4 студент Жапонияга практикага баруу үчүн жолдомо алышты.
- Кошумча материал: Инстаграм
(С) Б.А.Малтабаров — социология жана социалдык иш кафедрасынын доценти