2026-жылдын 12-сентябрында Чет тилдер институтунун англистика кафедрасында англис тили мугалимдери үчүн «Communities of Practice: Learning from Each Other» аттуу эл аралык семинар-тренинг өткөрүлдү.

Иш-чара Жапониянын «Teachers Helping Teachers» («Мугалимдер мугалимдерге жардамдашат») бирикмесинин жыл сайын өткөрүлүүчү билим берүү кербенинин алкагында КУУнун Чет тилдер институту жана «Форум» чет тилдер бирикмеси менен биргеликте уюштурулду.

Эл аралык семинар-тренингдин негизги максаты — англис тили мугалимдеринин кесиптик жана методикалык чеберчилигин жогорулатуу, заманбап окутуу методдорун жайылтуу жана эл аралык тажрыйба алмашуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүү болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар англис тилин окутуунун интерактивдүү жана практикалык ыкмалары менен таанышып, окуучулардын сабакка активдүү катышуусун камсыз кылуу, жуптук жана топтук иштерди натыйжалуу уюштуруу, ошондой эле окуучулардын сүйлөө, чыгармачылык жана кызматташуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган методдорду өздөштүрүштү.

Семинар-тренингге Жапониянын жогорку окуу жайларында эмгектенген тажрыйбалуу окутуучулар Brent Jones, Robert Andrews, Hosea Baker, Donna Fujimoto, Carl Hedberg, Mukaddam Khaitova, Paul Tanner жана жергиликтүү тренер Гүлнара Акунова катышып, актуалдуу темалар боюнча практикалык сессияларды өткөрүштү.

Чет тилдер институту эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, чет тилдерди окутуунун заманбап усулдарын жайылтууга жана мугалимдердин кесиптик потенциалын жогорулатууга багытталган иш-чараларды өткөрүүгө өзгөчө көңүл буруп келет.

(С) Байболотова Ж.Т. — Чет тилдер институтунун директорунун тарбиялык  иштер боюнча орун басары