2026-жылдын 24–26-июль күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде 1926-жылы Баку шаарында өткөн Биринчи түркологдор курултайынын 100 жылдыгына арналган «Жаш Булак» II жайкы жаштар лагери болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты – этностор аралык ынтымакты чыңдоо, маданияттар аралык диалогду өнүктүрүү, жаштарды достукка, өз ара урматтоого жана биримдикке тарбиялоо, ошондой эле түрк мамлекеттеринин жаштарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү болду.

Лагерге Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстандан келген жаштар катышып, билим берүү, маданий жана спорттук программалардын алкагында өз ара тажрыйба алмашышты. Иш-чаранын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Азербайжандыктарынын «Бирлик» коомдук бирикмесинин төрагасы Хансывар Бахшалиев, Кыргыз элинин ассамблеясынын Аппаратынын жетекчиси Тилек Уркунчиев, Азербайжан Республикасынын Диаспора менен иштөө боюнча мамлекеттик комитетинин Борбордук Азия жана Грузия бөлүмүнүн башчысы Али Байталов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин төрагасынын орун басары Медер Карыбаев жана Өзбекстан Республикасынын Азербайжан улуттук маданий борборунун төрагасы Мобил Мамедов катышып, жаштарга куттуктоо сөздөрүн арнашты.

Аземдин алкагында Кыргыз Республикасынын Азербайжандыктарынын «Бирлик» коомдук бирикмеси менен Өзбекстан Республикасынын Азербайжан улуттук маданий борборунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлуп, ал жаштар демилгелерин колдоого, маданий мурастарды сактоого жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү азербайжан диаспораларынын кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталды.

Аталган эл аралык жаштар лагерине Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз филологиясы факультетинин Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн 2-курсунун студенттери Дүйшекеева Таңсулуу жана Жолчубекова Акылай катышышты.

Студенттер лагердин алкагында өткөрүлгөн пленардык жыйындарга, интеллектуалдык оюндарга, таанып-билүү экскурсияларына, спорттук жана командалык иш-чараларга активдүү катышып, түрк элдеринин тарыхы, маданияты жана орток руханий баалуулуктары боюнча билимдерин тереңдетип, эл аралык достук байланыштарын чыңдоого мүмкүнчүлүк алышты.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети студенттерибиздин эл аралык деңгээлдеги жаштар демилгелерине жигердүү катышуусун жогору баалайт жана алардын бул иш-чарага катышуусуна көмөк көрсөтүп, ар тараптуу колдоо көрсөткөн «Бирлик» Азербайжан коомчулугунун жетекчиси Хансывар Бахшалиевге терең ыраазычылык билдирет.

(С) Бурул Элебесова — түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к.,доц.

Добавить комментарий