2026-жылдын 28-сентябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында И.Исамидинов атындагы Педагогикалык институт тарабынан «Бабалардын үнү — эне тилим» аталышындагы майрамдык маданий  иш-чара өткөрүлдү.

Кеченин жүрүшүндө кыргыз тилинин басып өткөн жолу, азыркы убакта дүйнөлүк деңгээлдеги орду жана башка көптөгөн маселелер театралдаштырылган программада көрсөтүлүп, концерттик программа менен коштолду.

(С) Сейталиев Максат — И.Исамидинов атындагы пединститут директорунун тарбия иштери боюнча орун басары