2026-жылдын 25-сентябрында Чет тилдер институтунда 23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата «Тил – улуттун жан дүйнөсү» аттуу концерттик иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чараны уюштурууда жана өткөрүүдө Факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары өзгөчө активдүү роль аткарышты. Алар студенттер менен биргеликте концерттик программанын мазмунун даярдап, мамлекеттик тилдин маанилүүлүгүн жана улуттук баалуулуктарды даңазалоого багытталган чыгармачылык номерлерди уюштурушту.
Концерттик программада кыргыз тилинин улуттук маданияттагы орду, эне тилди урматтоо жана сактоо, мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелерине басым жасалды. Студенттер тарабынан кыргыз тилине, мекенге жана улуттук баалуулуктарга арналган ырлар, көркөм окуулар жана чыгармачылык номерлер тартууланды.
Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин мамлекеттик тилге болгон сый-урматын арттыруу, кыргыз тилинин кадыр-баркын даңазалоо жана улуттук баалуулуктарды жаш муундар арасында кеңири жайылтуу.
«Тил – улуттун жан дүйнөсү» аттуу иш-чара студенттердин активдүү катышуусунда мазмундуу жана жогорку маанайда өттү.
(С) Байболотова Ж.Т. — Чет тилдер институтунун директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары