Кыргызстан менен Кытайдын медиа тармагындагы кызматташтыгы күн санап күчөп жатат. Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (УТРК) жана Кытайдын медиакорпорациясы контент алмашып, маданий байланыштарды бекемдөөдө. Бул чоң өнөктөштүк Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КНУ) Журналистика жана коммуникация институтунун студенттери, өзгөчө эл аралык журналистика багытында окуган жаштар үчүн чоң кесиптик жол ачат.

Практикалык тажрыйба кайдан келет?

Эки тараптуу кызматташтык жөн гана кагазда калбай, реалдуу ишке ашууда.

«Өткөн жылы үч даректүү тасма тартылып, алар кытай тилине которулуп, Кытайдын үч телеканалынан жана аба каттамдарындагы мониторлордон көрсөтүлдү», — дейт УТРКнын башкы директору Уланбек Сатиев.

Бул — КУУнун студенттери үчүн мыкты үлгү. Келечектеги эл аралык журналисттер глобалдык долбоорлорго катышып, котормо жасап жана телеконтент жаратуу тажрыйбасын УТРК аркылуу оңой эле ала алышат.

Кытай тарап да жаш кадрлар менен иштөөгө даяр:

«Медиаконтент алмашуу көрүүчүлөрүбүзгө бири-биринин маданиятын жакындан таанып-билүүгө чоң жол ачат», — деди Кытай медиакорпорациясынын Евразия бюросунун директору Ван Бинь.

Музыка менен бий баарын айтып турат

Эки өлкөнүн жаштары чогулганда эч кандай тил тоскоол болбосун иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү далилдеди. Бишкектен келген кыздар менен кытайлык бийчилер биргелешип укмуштуудай номер тартуулашты.

«Биз бул номерге бир эле апта даярдандык, бирок бий аркылуу бири-бирибизди тез эле түшүндүк», — дешет бийчилер Дин Жуюэ, Ян Цяньсюнь жана Янь Шуяo.

Бул жараян студенттерге эмне берет?

Кыргыз улуттук университетинин эл аралык журналистика багытындагы студенттери тышкы өлкөлөргө маданий алмашуу менен баруу жана чоң медиакомпаниялар менен иштөө үчүн УТРК платформасын эркин колдоно алышат. Дүйнөнү таанып, элдерди бириктирген көпүрө болууга азыртадан кадам таштаңыз!

(С) Ш.А.Костюк — Журналистика жана коммуникация институтунун директору

Добавить комментарий