2026-жылдын 9-12-сентябрында Азербайжандын Баку шаарында Түрк коомчулугунун XIV симпозиуму болуп өттү. Жыйынга Азербайжан, Түркия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Россия, Япония, Венгрия, Германия, Монголия, Индия, Кытай, Түндүк Македониядан окумуштуулар катышты. Алар 5 секцияда «Алтай изилдөөлөрүнүн өткөнү, азыркысы жана келечеги» деген жалпы теманын алкагында илимий баяндамаларын жасашып, талкууларга катышты.
Симпозиум Азербайжан Улуттук академиясы тарабынан уюштурулуп, Бакуда өткөн түркологдордун конгрессинин 100 жылдыгына арналды.
Кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Гүлжамал Жаманкулова V отурумунда модератор болуп, «Байыркы кыргыз жазуусунун тарыхы: семасиографиядан фонографияга чейин» деген темада илимий доклад жасады.