2026-жылдын 24-сентябрында Кыргыз улуттук университетинде жаңыдан түзүлгөн «Жаратман ордо» чыгармачыл жаштар уюмунун таанышуу иш-чарасы болуп өттү.
Аталган уюмдун негизги максаты — идеяга бай, чыгармачыл жаштардын потенциалын ачууга көмөктөшүү, алардын демилгелерин колдоо жана чыгармачыл долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу чөйрө түзүү.
Иш-чаранын жүрүшүндө уюмга кызыгуу билдирип, каттоодон өткөн студенттерге «Жаратман ордонун» жобосу тааныштырылды. Ошондой эле алдыдагы иш-пландар тууралуу маалымат берилип, студенттердин ой-пикирлери жана сунуштары угулду. Алдыда Жаратман ордонун мүчөлөрү бул уюм аркылуу саясий жана маданий багыттардагы иш-чараларга активдүү катышып, жаңы тажрыйба топтоп, өздөрүнүн билим-көндүмдөрүн өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.