2026- жылдын, 25- сентябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин социалдык-гуманитардык илимдер институту 5-имараттын,чоң жыйындар залында мамлекеттик тил күнүнүн  он күндүгүнө карата  “Кыргыз тилин жайылталы” – деген темада иш чараөткөрүштү.

Иш чаранын алкагында, институтубузда 1- курстардын арасында кыргыз тилин даңазалоого жана анын кадыр- баркын арттырууга арналды. Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору Качкынова Аида Турдубековна иш чараны ачып берип, куттуктоо сөзү менен бирге студенттерибизди эне тилди сүйүүгө жана патриот болууга чакырып кетти. Факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын ага окутуучусу Акматова Гульмира Касыкеевна 23-сеньтябрь чоң майрам экендигин түшүндүрүп,ийгилик каалап өттү. Ошондой эле институбуздун окутуучулар жамааты катышып, өз пикирлерин билгизишти.

Иш чаранын жүрүшүндө студенттер арасында мамлекеттик тилге арналган чыгармачыл макеттер даярдалып, кыргыз тилин жайылтуу жана даңазалоо багытында  чакан концерттик программа уюштурулуп,  видеороликтер, Reels көрсөтүлдү. Студенттер өздөрүнүн чыгармачылыгын, тилге болгон урмат-сыйын жана мекенчилдик сезимдерин кызыктуу форматтар аркылуу көрсөтүштү. Иш чаранын жыйынтыгында активдүү катышып, өзгөчө чыгармачылык менен айырмаланган студенттерге мактоо баракчалары ыйгарылды. Мындай иш чаралар жаштардын мамлекеттик тилге болгон кызыгуусун арттырып, кыргыз тилин урматтого жана аны кеңири жайылтууга чоң салым кошот.

(С) Турдубек кызы Бурул — Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун тарбия иштери боюнча директордун орун басары