ФКС-1.25 группасынын 2-курсунун студенти Иманалиев Дастан — Кыргыз Республикасынын оор атлетика боюнча спорт чебери. 2026-жылдын 6–11-август күндөрү Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өткөн оор атлетика боюнча Азия чемпионатында 3-орунду ээлеген. Ошондой эле 2026-жылдын 19–29-сентябрь күндөрү Япониянын Айти-Нагоя шаарында өткөн XX Азия оюндарында В тайпасында 1-орунду ээлеп, жалпы жыйынтык боюнча 7-орунду багындырды.
ФКС-2-26 группасынын студенти Сарпашев Бекбол — Кыргыз Республикасынын спорт чебери. 2026-жылдын 7–14-август күндөрү Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында 60 кг салмак категориясында күч сынашып, 8-августта жулкуп көтөрүүдө 2-орунду, түртүп көтөрүүдө 3-орунду жана жалпы эсепте 3-орунду ээледи. Бекболдун биринчи машыктыруучусу — Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич.
ФКС-2-26 группасынын студенти Сарпашев Эрбол — Кыргыз Республикасынын спорт чебери. 2026-жылдын 7–14-август күндөрү Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында түртүп көтөрүүдө 3-орунду ээлеп, 170 кг салмакты көтөргөн. Ошондой эле 2026-жылдын 7–14-август күндөрү Ташкент шаарында өткөн Борбордук Азия чемпионатында жулкуп көтөрүүдө 3-орунду, түртүп көтөрүүдө 2-орунду жана жалпы суммасында 2-орунду ээледи. Эрболдун азыркы машыктыруучусу — Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич.
Бул спортчулардын эл аралык мелдештердеги ийгиликтери Кыргызстандын оор атлетика спортунун өнүгүшүнө кошкон маанилүү салымы болуп саналат. Алардын жетишкендиктеринде машыктыруучулардын эмгеги, спортчулардын тынымсыз даярдыгы жана аракетчилдиги чоң роль ойнойт.
(С) Жумакунова Асел — И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институтунун окутуучусу