АБДРАХМАНОВ Жусуп (Юсуп) (1901, Күнгөй-Аксуу болушу, Чиркей кыштоосу, азыркы Ысыккөл району, Жаркымбаев айылы –1938, Бишкек, 1991-ж. Ата-Бейит көрүстөнүнө коюлган) – саясий жана мамлекеттик ишмер. 1911–16-ж. Сазановка (азыркы Ананьева) айылындагы үч жылдык орус жергиликтүү мектебинде, Каракол шаарындагы жогорку башталгыч окуу жайында окуган. 1916-жылкы үркүндө эл менен кошо Кытайга качып, 1917-ж. кайтып келген. 1918-ж. кызыл гвардиячылардын катарына кирген жана Жетисууда Совет бийлигин чыңдоого катышкан. 1919-ж. Верный (Алматы) шаарында командирлик курста окуган. 1919-ж. РКСМ Түркстан бюросунун президиумунун жана РКСМдин Жетисуу облустук Уюштуруу бюросунун мүчөлүгүнө шайланган. 1920-ж. Москвада өткөн РКСМдин 3-сьездинин делегаты болуп, анда В. И. Ленин м-н сүйлөшүп, пикир алышкан. 1920–24-жж. партиялык жооптуу кызматтарда, 1924-ж. мартта Түркстан АССРинин Борбордук аткомунун президиумунун мүчөсү жана жооптуу катчысы болуп шайланган. 1924-ж. Кара Кыргыз автономиялуу облусунун облустук партбюросунун жооптуу катчысы болуп бекитилген. 1925-ж. майдан РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, августтан Москвада РКП(б) БКнын аппаратында инструктор, 1926-ж. октябрда Кыргызстанга келип, облустук аткомдун төрагасынын 1-орун басары, 1927-ж. марттан РСФСР БАКтын мүчөсүнүн, андан кийин Бүткүл союздук БАКтын жана РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун мүчөлүгүнө кандидат болгон. 1933-ж. сентябрда компартияга каршы аракеттенген деген жалаа менен ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган. Андан кийин Ортоңку Волга крайынын мал чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары, 1935-жылдан Оренбург облустук аткомунун жер бөлүмүнүн башчысынын мал чарбачылык боюнча орун басары болуп иштеген. 1937-ж. 10-июнда контрреволюциячыл Алашордо уюмунун катышуучусу деген жалаа менен камакка алынган. 1938-ж. 5-ноябрда атылган. 1958-ж. акталган. Абдрахманов өз элинин тарыхын изилдөөчү катары республиканын тарых илиминин өнүгүшүнүн башатында турат. Анын республиканын тарыхы боюнча алгачкы эмгеги 1928-ж. «Кыргызстан» деген ат менен жарык көргөн. «Күндөлүгү» ж. б. китептери белгилүү. Абдрахмановдун ысымы менен Ысыккөл районундагы айыл кеңеши (мурдагы Таштак айыл кеңеши), Бишкек шаарынын бир көчөсү аталган. Туулган айылына ж-а Каракол ш-нда эстелик тургузулган.

Добавить комментарий