Исакеев Баялы Дыйканбаевич (1897-1938) – мамлекеттик жана партиялык ишмер. Нарын шаарындагы орус-тузем мектеп-интернатын (1916), Ташкенттеги Орто Азия коммунисттик университетин (САКУ) (1923), Москвадагы ВКП(б) БКнын уезддик партия кызматкерлеринин бир жылдык (1926) курстарын бүткөн. 1917 – 1920-жж. Кумбел-Арал жана Орто-Токой менчик почта станцияларында иштеген. 1921 – 1922-жж. Кочкор участкалык эл сотунун секретары. 1922 – 1923-жж. Нарын уезддик партия комитетинин, 1924 – 1925-жж. Туркестан АССР КП(б) Лепси жана Каракол уезддик шааркомдорунун, 1926 – 1927-жж. Кыргыз АССР КП(б) округкомунун бөлүм башчысы, 1927 – 1928-жж. «Кызыл Кыргызстан» гезитинин жооптуу редактору, 1928 – 1929-жж. ВКП(б) Кыргыз обкомунун секретары, 1933 – 1937-жж. Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин төрагасы болгон. Б.Исакеев 523 чакырым келген Фрунзе – Рыбачье – Торугарт жана Улуу Кыргыз тракты деп аталган, узундугу 812 чакырым келген Фрунзе – Ош жолунун курулушун демилгелеген. «Манас» эпосун жаздырып элге жеткирүүдө чоӊ эмгек сиӊирген. Б.Д. Исакеев 1938-ж. 41 жаш курагында ак жеринен атылган.

Добавить комментарий