
Орозбеков Абдыкадыр (1889, Фергана облусу, Маргалаң уезди, Охна кыштагы – 1938) – мамлекеттик жана саясий ишмер; Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөшкөн. Кыргыз АССР Борбордук Аткомунун төрагасы (1927–37ж.). 1909–16-ж. наабайканада иштеген. 1916-ж. көтөрүлүшкө жигердүү катышкан. 1917-ж. Анжиян ш-ндагы нан бышыруучу ишкананын жумушчуларынын кыймылына жетекчилик кылган; мастерлердин, жумушчулардын жана кызматчылардын Фергана профсоюз башкармасынын мүчөсү болгон. Совет бийлиги орногондон кийин Кызыл Гвардия кошуунунун командири болуп туруп, Фергана шаарынын ишканаларын, шаардын чет-жакаларында коргонууну уюштурган. 1919–23-ж. Чимион жана Вуадил райондук революциячыл комитеттин, Мархамат райондук комитетинин төрагасы, Маргалаң уезддик аткомунун президиумунун мүчөсү, 1924–25-ж. Ош округдук революциячыл комитеттин жер бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысы, 1925-жылдан РКП(б)нин округдук комитетинин жооптуу катчысы. 1925-жылдын 31-мартында Кара Кыргыз автономиялык облусунун облустук аткомунун 1-пленумунда Облаткомунун Президиумунун төрагалыгына шайланган. 1926-жылы Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Төрагасы болуп депутаттар тарабынан шайланган. Кыргыз АССР Конституциясын иштеп чыгууга чоң салым кошкон. 1936-ж Кыргыз ССР Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы болуп депутаттар тарабынан шайланган. 1937-ж. репрессияга кабылып, атылып кеткен. 1956-ж. реабилитацияланган. Түркстан Республикасынын Алтын белгиси, Эмгек Кызыл Туу ордени жана ысымы жазылган курал менен сыйланган. Анын ысмы менен Кадамжай районундагы Охна кыштагы, Бишкектеги көчө аталган.