Сыдыков Абдыкерим (1889, Бишкек уезди, Канай болушу, Башкарасуу айылы (азыркы Аламүдүн районунда) – 1938, Фрунзе) – советтик, партиялык ишмер. Советтик кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүлөрүнүн бири.

 Мусулман мектебинде окуган. 1911-ж. Верныйдагы эркек балдар гимназиясын бүтүргөн. 1912-1917-ж. Пишпек уезддик башкармасында катчы жана тилмеч. Пишпекте «Алаш-Ордо» партиялык комитетин уюштуруучулардын (И. Арабаев, К. Тыныстанов, Н. Тулин менен бирге) бири, ошол эле учурда солчул эсерлер партиясынын да мүчөсү (1917-1918) болгон. 1918-ж. «Алаш Ордо»нун Пишпек бөлүмү таркатылган.

1918-ж. октябрда большевиктер партиясынын катарына өтүп, Пишпек уезддик комиссарынын орун басары, соода-чарба жана өнөр-жай бөлүмүнүн төрагасы, улут маселеси бөлүмүндө кедейлерге укуктук жактан акысыз жардам берүүгө башчылык кылуу милдеттерин аткарган. 1919-1920-ж. мартка чейин Жетисуу облустук Мусулман бюросунун төрагасы, ал жоюлгандан кийин Түркстан коммунисттик партиясынын Жетисуу обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы. 1922-жылдан Жетисуу облустук аткомунда президиумдун мүчөсү, төраганын орун басары, Түркстан АССРинин ички иштер эл комиссарынын орун басары болгон. 1922-жылы декабрда Бүткүл союздук Кеңештин 1-съездине бүткүл кыргыз элинин өкүлү болуп катышкан. Жаркен уезддинде жер-суу реформасын жүргүзүүнү жетектеген. 1922-ж. Кыргыз тоолуу облусун түзүүнүн башында турган. Бирок бул долбоор «улутчул» деп табылып, РКП(б) БК тарабынан четке кагылган. 1924-ж. октябрда. Кара Кыргыз АОсун түзүүгө активдүү катышкан. 1921–25-жж. манаптын тукуму, падышалык жана убактылуу өкмөт акимчиликтеринде иштеген деген шылтоо менен партиядан 4 жолу чыгарылган. 1926–32-жж. Ташкенде Орто Азия мамлекеттик университетинде илимий кызматкер болуп иштеген. «Кыргыз элинин уруулук бөлүнүшү» (1927). «Көчмөндөрдө малды жайытта багууну уюштуруу» (1930) деген илимий макалаларды ж. б. жазган. 1932-ж. Кыргызстанга чакырылып, Кыргыз АССР Мампландын төрагасынын орун басары болуп иштеген. 1933-ж. камакка алынып, 1934-ж. Түркстан аскер округунун трибуналы «контрреволюциячыл» деп жарыялап, 10 жылга эркинен ажыратат. 1938-ж. «Социал-Туран партиясын» уюштуруучу деген жалаа м-н кайрадан соттолуп, өлүм жазасына тартылган. 1958-ж. акталган.

Добавить комментарий