Кыргыз мамлекетин негиздөөчүлөр

Абдыкерим Сыдыков

Сыдыков Абдыкерим (1889, Бишкек уезди, Канай болушу, Башкарасуу айылы (азыркы Аламүдүн районунда) – 1938, Фрунзе) – советтик, партиялык ишмер. Советтик кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүлөрүнүн бири. Мусулман мектебинде окуган. 1911-ж. Верныйдагы эркек…

Ишеналы Арабаев

Ишеналы Арабаев, (1882-ж., Орусия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жетисуу облусу, Токмок уезди, Күн-Батыш айылы – 1933-ж. Өзбек ССР, Ташкен шаары) – XX кылымдын башындагы кыргыз агартуучусу, коомдук ишмер, Алаш Ордо партиясынын…

Иманалы Айдарбеков

Иманалы Айдарбеков 1894-ж. азыркы Сокулук районунун Жал айылында туулган. Атасы Айдарбек Турдин Күнтуу болуштугунда манап болгон. Иманалы Айдарбеков – өз заманынын билимдүү, жаңычыл көз караштагы, демилгелүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин…

Абдыкадыр Орозбеков

Орозбеков Абдыкадыр (1889, Фергана облусу, Маргалаң уезди, Охна кыштагы – 1938) – мамлекеттик жана саясий ишмер; Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөшкөн. Кыргыз АССР Борбордук Аткомунун төрагасы (1927–37ж.).…

Жусуп Абдрахманов

АБДРАХМАНОВ Жусуп (Юсуп) (1901, Күнгөй-Аксуу болушу, Чиркей кыштоосу, азыркы Ысыккөл району, Жаркымбаев айылы –1938, Бишкек, 1991-ж. Ата-Бейит көрүстөнүнө коюлган) – саясий жана мамлекеттик ишмер. 1911–16-ж. Сазановка (азыркы Ананьева) айылындагы үч…

Баялы Исакеев

Исакеев Баялы Дыйканбаевич (1897-1938) – мамлекеттик жана партиялык ишмер. Нарын шаарындагы орус-тузем мектеп-интернатын (1916), Ташкенттеги Орто Азия коммунисттик университетин (САКУ) (1923), Москвадагы ВКП(б) БКнын уезддик партия кызматкерлеринин бир жылдык (1926)…

Касым Тыныстанов

Касым Тыныстанов (10-сентябрь 1901-ж. Түркстан генерал-губернаторлугу, Жетисуу облусу, Чырпыкты айылы – 6-ноябрь 1938-ж., Чоң-Таш, Ворошилов району, Кыргыз ССРи,) – кыргыз окумуштуусу, акын жана мамлекеттик ишмер. Латын арибиндеги кыргыз жазуусунун негиздөөчүсү…