2026-жылдын 26-май күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) тарабынан ишке ашырылып келген «Кыргызстанда жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» (GESPSD) программасынын жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп өттү. Иш-чара Европа Биримдигинин, Германиянын жана Швейцариянын өкмөттөрүнүн колдоосу менен ишке ашырылган алты жылдык программанын негизги жыйынтыктарын чыгарууга арналды.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, эл аралык өнөктөштөр, донорлор, эксперттер, бизнес коомчулук жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты. Катышуучулар жашыл экономиканы өнүктүрүү багытында ишке ашырылган долбоорлордун жыйынтыктары менен таанышып, туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуудагы жетишкендиктерди талкуулашты.
Расмий бөлүктө Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Реми Дюфло, Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сироко Мессерли жана Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Ленхард куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Программанын алкагында акыркы алты жыл ичинде үч негизги багыт боюнча иш жүргүзүлгөн. Алар: мамлекеттик реформаларды жана системалык өзгөрүүлөрдү колдоого багытталган «Жашыл саясат», ар түрдүү тармактарда экологиялык жана туруктуу чечимдерди жайылтууга арналган «Жашыл практикалар», ошондой эле коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга жана экологиялык жоопкерчиликтүү жүрүм-турумду калыптандырууга багытталган «Жүрүм-турумдук өзгөрүүлөр» багыттары болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар атайын уюштурулган тематикалык павильондор аркылуу программанын жыйынтыктары менен таанышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө программанын өнөктөштөрүнө ыраазычылыктар айтылды. Анда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жетекчилигине жана Журналистика жана коммуникация институтуна программанын максаттарын ишке ашырууга кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык айтылды. КУУнун ректору Д.Чонтоевге расмий Ыраазычылык кат тапшырылды.
Мындан тышкары, GESPSD программасынын жетекчиси Ханна Забас өз сөзүндө Кыргыз улуттук университетинин Журналистика жана коммуникация институтунун 70 жылдык мааракеси менен куттуктап, институттун өлкөдөгү журналисттик билим берүүнү өнүктүрүүдөгү жана коомдук маанилүү демилгелерди колдоодогу ордун өзгөчө белгиледи.
Катышуучулар белгилегендей, жашыл экономика принциптерин жайылтуу жана туруктуу өнүгүү маданиятын калыптандыруу багытындагы мындай өнөктөштүк долбоорлор мамлекет, жарандык коом, бизнес жана билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
(С) П.Джаныбекова — адис




















