Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев 2026-жылдын 18-22-май күндөрү Европа Биримдигинин Erasmus+ программасынын алкагында каржыланган «Кыргызстанда инклюзивдүү докторлук билим берүү үчүн санариптик трансформация» (D-TIDE-KG) долбоорунун алкагында Германияга жумушчу сапары менен барып келди.

18-19-май күндөрү ал Гамбург колдонмо илимдер университетинде өткөн эл аралык семинарга катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө өнөктөш университеттердин өкүлдөрү жогорку билим берүү, изилдөө жана инновация жаатындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

21-майда КУУнун ректору Берлиндеги Гумбольдт университетине барды. Сапардын жүрүшүндө ал университеттин имараттары, билим берүү программалары жана изилдөө программалары менен таанышты.

Университеттин жетекчилиги менен болгон жолугушууда PhD студенттерин биргелешип жетектөө, изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу жана КУУнун PhD студенттери менен окутуучулары үчүн стажировкаларды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Тараптар о.э. кызматташуу меморандумуна кол коюуну жана эл аралык изилдөө долбоорлорунун сынактарына чогуу катышууну макулдашышты.

22-майда Ганновер шаарына иш сапары уюштурулуп, ректор ал жерде Лейбниц университетинин Топурак таануу институтунун аткаруучу директору, профессор Георг Гуггенбергер менен жолугушту. Профессор институттун изилдөө долбоорлору, анын ичинде PhD студенттери үчүн стажировка программалары жөнүндө маалымат берди.

Мындан тышкары, КУУнун ректору иш сапардын жүрүшүндө институттун эксперименталдык сыноо аянтчаларына жана топурак изилдөө лабораторияларына барды. Тараптар ошондой эле жайкы мектеп өткөрүүнү, КУУда жаңы билим берүү программаласын иштеп чыгууну жана университеттин окутуучулары үчүн стажировкаларды уюштурууну камтыган кызматташуу меморандумунун негизги пункттары боюнча макулдашышты.

Добавить комментарий