2026-жылдын 26-майында аймактык маселелер боюнча проректор Кундузгүл Базакеева Казакстандын Коркыт ата атындагы Кызылорда университети менен Семей шаарындагы Шакарим мамлекеттик университетинен академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине келип, билим алып, мекенине кайтып жаткан студенттер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кундузгүл Базакеева казакстандык студенттер менен жылуу баарлашып, кыргыз-казак кызматташтыгы, университеттер аралык тажрыйба алмашуу жана академиялык мобилдүүлүк программасы жаштар үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрүн белгиледи.

КУУнун Юридика институту менен Педагогика институтунда бир семестр бою билим алышкан студенттер Кыргыз улуттук университетинде окуу менен катар жаңы досторду таап, жатаканада өз алдынча жашоо тажрыйбасына ээ болушканын белгилешти. Алар о.э. жылуу жана меймандос кабыл алгандыгы үчүн университеттин администрациясына, ал эми кураторлук колдоо көрсөткөндүгү үчүн академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнү экспортоо жана тармактык магистратура бөлүмүнүн башчысы Саадат Шерматовага ыраазычылык билдиришти.

Жолугушуунун соңунда проректор Кундузгүл Базакеева студенттердин мындан аркы окууларына ийгиликтерди каалап, академиялык мобилдүүлүк программасына катышкандыгын тастыктаган сертификаттарды салтанаттуу түрдө тапшырды.

Добавить комментарий