Иманалы Айдарбеков 1894-ж. азыркы Сокулук районунун Жал айылында туулган. Атасы Айдарбек Турдин Күнтуу болуштугунда манап болгон. Иманалы Айдарбеков – өз заманынын билимдүү, жаңычыл көз караштагы, демилгелүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин бири. Ал алгач айылдык молдодон кат тааныган. 1909-ж. Бишкектеги айыл чарба техникумун бүтүргөн. Андан кийин Ташкендеги гидротехника мектебинен билим алган. Кыргыз элинин өз алдынча мамлекетке ээ болушуна, анын юридикалык жактан таанылышы жаатындагы иштердин башында турган. 1918-1920-жж. Бишкек уезддик-шаардык кеңеш аткомунун, 1920-1921-жж. Каракол уезддик ревкомунун мүчөсү, 1921-1923 жж. Бишкек уезддик аткомунун төрагасы, 1924-ж. Кара-Кыргыз автономия облусунун ревкомунун төрагасы, 1925-1926-жж. Ташкендеги «Орто Азия» кеңсесинде башкармалыктын мүчөсү, 1927-1929-жж. Кыргыз АССРнин жеңил өнөр жай жана соода эл комиссары, 1930-1931-жж. Кыргыз айыл чарба банкынын башкармалыгынын мүчөсү, Кыргыз АССРнын Юстиция эл комиссары, башкы сотунун төрагасы болгон. Аксуу козголоңун, Нарындагы контрреволюциячыл көтөрүлүштү басууга катышкан. Жалган жалаа менен 1938-ж. атылган. 1991-ж. сөөгү, «Атабейит» көрүстөнүнө кайра коюлган.

Добавить комментарий