2026-жылдын 22-майында Баткен аймактык көп тармактуу институтунда окуу жайдын сапат жана карьера бөлүмү тарабынан уюштурулган “Бош орундар жана кесиптер жарманкеси» өткөрүлдү.
Иш-чараны институттун директору Абдикайым Жусубалиев ачып, студенттер менен бүтүрүүчүлөргө келечектеги кесиптик жолунда ийгиликтерди каалады.
Табигый, гуманитардык жана педагогикалык факультеттин деканы Акжол Кадыров жаш адистерге эмгек рыногунда өз ордун табууга багыт берген ойлору менен бөлүштү.
Сапат жана карьера бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Эргешали кызы өзү жетектеген бөлүмдүн соңку 4 жылдагы аткарган иштери, жетишкендиктери, жарыяланган вакансиялар, бүтүрүүчүлөрдүн жумушка жайгашуусунун пайыздык катышы боюнча маалымат берди.
Жарманкенин жүрүшүндө бүтүрүүчүлөр иш берүүчүлөргө жумушка орношуу тартиби, талап кылынган көндүмдөр, эмгек шарттары боюнча кызыккан суроолорун узатышты. Ал эми иш берүүчүлөр өз мекемелериндеги бош орундар, кадрларга болгон талаптар жана жумушка кабыл алуу тартиби тууралуу кеңири маалымат беришти.
Институттун директору жарманкеге катышкан иш берүүчүлөргө терең ыраазычылык билдирип, мындан ары да практика жана башка багыттар боюнча кызматташууга даяр экендигин белгиледи жана атайын ыраазычылык каттарын тапшырды.
Иш берүүчүлөр окуу жай менен мындан ары кызматташууга даяр экендигин билдирип, билим берүү сапатын жогорулатуу максатында окуу пландарына киргизиле турган заманбап предметтер жана практикага багытталган сунуштарын айтышты.
Иш-чаранын алкагында бүтүрүүчүлөр арасында жарыяланган “Мыкты резюме” конкурсунун жыйынтыгы чыгарылып, төмөнкү номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталды:
- «Эң мыкты кесиптик резюме» — Батыр кызы Гүлзада;
- «Эмгек рыногуна даяр талапкер» — Маджитова Ясмина;
- «Эң креативдүү резюме » — Кубатбек кызы Жанаргүл;
- «Санариптик мыкты резюме» – Абдрахманова Майрамкан;
- «Комиссиянын атайын сыйлыгы» — Гыясдинова Толгонай.
Жеңүүчүлөргө грамота жана баалуу белектер тапшырылды. Жарманке студенттер менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы байланышты чыңдап, жаш адистердин келечекке болгон ишенимин арттырган маанилүү аянтча болду.
(С) Айчүрөк Эргешали кызы — сапат жана карьера бөлүмүнүн башчысы