2026-жылдын 25-майында Баткен аймактык көп тармактуу институтунда «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдү. Иш-чарага Баткен шаары жана районунан 21 мектеп, 1 колледжден бүтүрүүчүлөр жана алардын ата энелери катышты. Чакырылган коноктордун катарында Баткен шаарынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Акимов да болду.

Бүтүрүүчүлөр институттун материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышкан соң, доцент Ш.Шеров тарабынан “КУУнун Баткен институтун тандоонун 7 себеби” аттуу, ал эми Баткен шаарындагы “Тамга” мектебинин директору Санжар Абдинаби уулу билимге шыктандыруучу мазмундуу презентацияларды жасап беришти. Мындан тышкары сапат жана карьера бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Эргешали кызы тарабынан уюштурулган онлайн оюн-конкурс катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө институттун директору Абдикайым Жусубалиев куттуктоо сөз сүйлөп, окуу жайды тандоо үчүн шыктандыруучу кайрылуу жасады. Аягында келген мектеп жетекчилерине ыраазычылык каттар тапшырылды.

(С) Кубанычбек Таиров — институттун кабыл алуу боюнча жооптуу адиси

Добавить комментарий