Ишеналы Арабаев, (1882-ж., Орусия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жетисуу облусу, Токмок уезди, Күн-Батыш айылы – 1933-ж. Өзбек ССР, Ташкен шаары) – XX кылымдын башындагы кыргыз агартуучусу, коомдук ишмер, Алаш Ордо партиясынын мүчөсү, Кыргызстанда советтик агартуу тармагын түптөөгө зор салым кошкон.

1900-ж. Орус-жергиликтүү мектебин бүткөн. 1900-1910-жылдары Кыргыз айылдарында мугалим (молдо) болуп иштеген.

1910-1913-жж. Оренбург шаарында “Медресе Кусейиниядан” бир жыл окуп, анан Уфадагы жогорку диний мектеп – “Медресе Галиядан” билим алган.

1911-ж. Молдо Кылыч Шамыркановдун “Кысса зилзала” аттуу кыргыз тилиндеги эң алгачкы китебине баш сөз жазып, Казан шаарынан чыгарган. Кыргыз, казак балдарына арналган “Алиппе жаки төтө окуу” аталышындагы туңгуч окуу китебин К. Сарсекеев менен биргелешип жазып, Уфадагы “Шарк” басмасынан бастырган.

1912-жылы “Жазуу өрнөктөрү” (таза жазуунун үлгүлөрү) аталыштагы китепти Оренбургдан чыгарган. Мында жазуу эрежелери, каллиграфия, тамгаларды кооз жазуу үлгүлөрү берилген. Ошол эле жылы “Оренбургдан Ташкенге келе эскерүү” аттуу жол очерки “Айкап” журналынын 1-санына басылган.

Уфадан келгенден кийин Ысык-Көл, Нарын аймактарында мектептерди ачкан. Боогачынын лирикалык ырлары жана башка фольклордук материалдарды жыйнаган.

1918-22-жж. Жети Өгүз ревкомунун мүчөсү, облустун “Кошчу” бирлигинин төрагасынын орун басары болгон. Орусия Кеңештеринин 9-съездине катышкан. Жети-Өгүздө 1-мугалимдер курсун уюштурган, Алматыда жооптуу кызматта иштеген.

1922-24-жж. Түркстан Эл комиссарлар Кеңешинде (Ташкен) илимий комиссиясын жетектеген. Комиссия кыргыз тилинин алфавитин, башталгыч класстардын окуучулары үчүн алиппени, окуу жана усулдук куралдарды, мугалимдер үчүн усулдук сунуштарды даярдаган, кыргыз терминологиясынын маселелерин изилдеген.1922-ж. Сагымбай Орозбак уулунан “Манас” эпосун жазууну уюштурган. 1924-ж. теке айында Оренбургда өткөн казак-кыргыз илимпоздордун 1-съездинде баяндама жасаган.1924-ж. Кыргыз АОсу түзүлгөндө облустук ревкомдун мүчөсү, илим комиссиясынын төрагасы, “Эркин-Тоо” гезитинин редколлегия мүчөсү болгон.

1924-ж. араб графикасынын негизинде туңгуч кыргыз алфавитин түзүп, ”Кыргыз алиппесин” жазган. Грамматика жана табият таануу боюнча кыргызча окуу китебин түзгөн.

Арабаев 1933-жылы Бугу айынын 11 инде жалаа менен улутчул деп камакка алынып, теке айынын 7синде Ташкендин түрмөсүндө каза болгон. 1958-жылы толугу менен акталган.

Добавить комментарий