Касым Тыныстанов (10-сентябрь 1901-ж. Түркстан генерал-губернаторлугу, Жетисуу облусу, Чырпыкты айылы – 6-ноябрь 1938-ж., Чоң-Таш, Ворошилов району, Кыргыз ССРи,) – кыргыз окумуштуусу, акын жана мамлекеттик ишмер. Латын арибиндеги кыргыз жазуусунун негиздөөчүсү (1927-1940).

1909-1912-жж. жергиликтүү молдодон билим алып, андан кийин Сазановкадагы мусулман мектебинде, 1914-1916-жж. Пржевальск шаарындагы орус-тузем мектебинде окуган. 1924-ж. Ташкенттеги Казак-Кыргыз агартуу институтун бүтүргөн. «Алаш» партиясынын мүчөсү болгон. 1924-ж. ВКП(б)нын мүчөсү .

1923-ж. араб алфавитинин негизинде реформаланган кыргыз алфавитин түзүп, 1924-ж. “Окуу китеби”, кийинчерээк бир катар китептери жарык көргөн. Кыргыз тилин араб алфавитинен латын, кийин кириллицага алмаштырууга катышкан.

1923-1924-жж. Кара-Кыргыз илимий комиссиясынын мүчөсү болуп, “Ак жол” гезитинин, “Жас кайрат”, “Сана” журналдарынын редакциялары менен кызматташкан. 1924-ж. Түркстан Республикасынын илимий комиссиясынын Академиялык борборунун Кыргыз облустук бөлүмүнүн катчысы, 1925-ж. Кыргыз облустук бөлүмүнүн төрагасы болуп дайындалган. 1925-ж. августунан 1927-ж. чейин «Эркин-Тоо» газетасынын редактору. 1926-жылы Бакуда өткөн 1-түркологиялык съездге катышып, кыргыз жазуусун латын алфавитине өткөрүү боюнча баяндама жасаган.

1927-1930-жж. – Кыргыз АССРинин агартуу эл комиссары, ошол эле учурда 1928-1931-жж. өзү түзгөн «Жаңы маданият жолунда» журналынын башкы редактору, 1930-ж. – Кыргыз маданий курулуш институтунун илимий кызматкери, кийин директору, ошол эле учурда 1932-ж. Кыргыз педагогикалык институтунда доцент, 1936-ж. профессор болгон. Кыргыз тил илими боюнча бир катар эмгектерди жазган.

1937-ж. 1-августта камакка алынган. 4-августта Фрунзе шаардык комитети партиянын катарынан эч кандай себептерди көрсөтпөстөн чыгарган. Социал-Туран партиясына мүчө болгон жана идеологиялык фронтто контрреволюциячыл, улутчул идеяларды түртүп, коррупциялык иштерди жүргүзгөн деп айыпталган. 1938-ж. 5-ноябрында РСФСРдин Кылмыш-жаза кодексинин 58-статьясынын 2-7-8-11-пункттары боюнча айыпталган.1938-ж. 6-ноябрында СССР Жогорку Сотунун Аскердик коллегиясынын көчмө жыйынынын чечими менен бардык мүлкү конфискацияланган жана атууга өкүм кылынган.

1957-ж. 1-октябрында СССР Жогорку Сотунун Аскердик коллегиясы тарабынан реабилитацияланган. 1958-ж. 22-январында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин токтому менен партиянын катарына калыбына келтирилип, 1964-ж. 16-майда КПСС Борбордук Комитетинин алдындагы партиялык комиссиянын чечими менен реабилитацияланган.

Чоң-Таштагы сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган мемориалдык комплекке сөөгу кайрадан коюлган.

Добавить комментарий