2025-жылдын 20-ноябрдан 4-декабрга чейин кыргыз адабияты кафедрасынын доценти Назгуль Турдубаева М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин башкыр филологиясы факультетинин англис, орус, кыргыз тили, адабиятын адистиги боюнча бюджеттик негизде окуп жаткан кыргыз студенттерине “История кыргызской литературы”, “Введение в литературоведение” аттуу сабактар боюнча лекциялык сабактарды орус тилинде өттү.
Академиялык кызматташтыктын алкагында аталган университеттин башкыр филологиясы факультетинин түркология жана чыгыш таануу кафедрасына Назгуль Турдубаеваны доценттик кызмат ордуна дистанттык негизде лекциялык курстарды өтүүгө кабыл алышты.
(С) Назгуль Турдубаева – кыргыз адабиятын кафедрасынын доценти, ф.и.к.