2025-жылдын 5-декабрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйынды аталган кеңештин төрагасы, КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев алып барды.

Отурумдун башында ал жалпы жамаатка бүгүн Улуттук илимдер академиясында “Президент Садыр Жапаров – жаңы Кыргызстандын жаратманы” аттуу китептин бет ачары болгонун кабарлап, анын КУУга берилген нускалары университеттин китепканасына коюлаарын билдирди жана Менеджмент жана бизнес институтутун доценти Фатима Насыровага Улуттук статистика комитетинин «Статистиканын отличниги» төш белгисин тапшырды.

Эл аралык кызматташуу жана байланыштар боюнча департаменттин башчысы Бактыбек Келдибеков менен ошол эле департаменттин башчысынын орун басары Диана Султанбекова Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланышты. Сыйлыкты министрдин биринчи орун басары Нурсултан Кубанов тапшырды.

Андан кийин Догдурбек Чонтоев 10-ноябрь – Илим күнүнө карата өлкөнүн илимий, билим берүү жана коомдук-маданий өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн КУУнун айрым кызматкерлерин “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл” юбилейлик медалы менен сыйлады.

Юбилейлик медаль менен сыйлоо тууралуу буйрук

Сыйлоо аземинен кийин отурумдун күн тартибине коюлган “КУУга 2025-2026-окуу жылындагы кабыл алуунун жыйынтыгы”, “Жайкы сессиянын жана 2025-жылдагы Мамлекеттик аттестациялык комиссиянын иш жыйынтыктары” жана “Улуттук университеттин билим берүү чөйрөсүн санариптештирүүнүн абалы жана өнүгүү планы” сыяктуу маселелер каралып, жалпы добуш менен колдоодон өттү. Эскерте кетсек,  аталган маселелер буга чейинки Ректорат кеңешинде да каралып, айтылган сунуш-пикирлердин негизинде маалыматтар толукталган.

Жыйындын жүрүшүндө биринчи проректор-окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев Улуттук илимдер академиясынын академиги, химия илимдеринин доктору, профессор Бектемир Мурзубраимов менен Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматовго “Жусуп Баласагын атындагы КУУнун ардактуу профессору” наамын  ыйгаруу жана КУУнун окумуштууларынын окуу куралдарына Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин грифин берүү жөнүндө билдирүү жасап, Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн суроо-жоопторунан кийин колдоого алынды.

Добавить комментарий