2025-жылдын 4-декабрь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин аймактык маселелер боюнча проректору, доцент Кундузгүл Базакеева Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин 3-курс студенттери үчүн “Мамлекеттик башкаруудагы реформа жана туруктуу өнүгүү” темасында тренинг өткөрдү.

Иш-чаранын максаты — студенттерге өлкөдөгү мамлекеттик башкаруу системасында жүрүп жаткан реформалар, алардын мазмуну жана мааниси, ошондой эле туруктуу өнүгүүнүн негизги принциптери боюнча терең түшүнүк берүү болду.

Тренингдин жүрүшүндө төмөнкү багыттар боюнча кеңири маалымат берилди:

  • Коомдук башкаруудагы заманбап реформалар жана алардын стратегиялык мааниси;
  • Туруктуу өнүгүүнүн глобалдык индикаторлору жана аларды улуттук саясатка интеграциялоо;
  • Санариптештирүүнүн мамлекеттик башкарууда алып келген өзгөрүүлөрү;
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу жана потенциалы.

Студенттер сабакка активдүү катышып, мамлекеттик сектордогу реформалардын практикалык колдонулушу, мамлекеттик саясаттын эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана адистердин даярдыгын күчөтүү боюнча суроолорун берип, баалуу жоопторду алышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында Кундузгүл Базакеева студенттерге кесиптик багытта үзгүлтүксүз изденүү, аналитикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү жана туруктуу өнүгүү концепцияларын практикада колдоно билүү маанилүүлүгүн белгиледи.

МжМБ факультети мындай билим берүү иш-чаралары мындан ары дагы улантылаарын билдирет.

(С) Гульнара Джапарова – тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий