2025-жылдын 4-ноябрында Together Recruitment компаниясынын өкүлдөрү Кыргыз улуттук университеттин студенттерине Германияга жумушка орношуу боюнча лекция өткөрүштү. Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаментинин колдоосу менен өткөрүлгөн сабактын жүрүшүндө студенттерге төмөнкү багыттар боюнча кеңири маалымат берилди:

  • Германияда жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү
  • Программага катышуу талаптары жана кабыл алуу критерийлери
  • Керектүү документтердин тизмеси жана даярдоо тартиби
  • Визалык процесс жана анын этаптары
  • Жумуш берүүчүлөр менен иштөө принциптери
  • Германиядагы эмгек шарттары, социалдык камсыздандыруу жана жашоо шарттары
  • Программа аркылуу барган студенттерге көрсөтүлүүчү колдоо жана коштоп жүрүү кызматы

Компания өкүлдөрү студенттердин суроолоруна жооп берип, практикалык кеңештерди жана реалдуу тажрыйбадан мисалдарды сунушташты. Лекция студенттер үчүн абдан пайдалуу болуп, Германияга жумушка орношуунун жол-жоболору боюнча кеңири түшүндүрмө берилди.

(С) Курманбекова Бурул – тарбия жана жатакана иштери боюнча сектордун башчысы

Добавить комментарий