КУУнун илимий-метрикалык талдоо бөлүмүнүн башчысы Асель Шайылдаева менен башкы адиси Үмүт Жолдошали кызы Ош шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинин профессордук-окутуучулук курамына «Scopus жана Web of Sciеnce маалымат базаларын натыйжалуу пайдалануунун практикалык ыкмалары жана  инструменттери» деген темада семинар-тренинг өтүп беришти.

Окутуучулар ORCID алуу, Google Scholar, Scopus, National H-index Ranking платформаларына катталуу, макалаларды жүктөө жана рейтингди көтөрүү  боюнча кенен маалымат алышты.

(С) Абдумухамед кызы Нуриза — илимий иштер боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий