2025-жылдын 28-июль күнү эрте менен саат 9:00дө 6-окуу имаратында жайгашкан кабыл алуу комиссиясында абитуриенттерди бакалавриатка кабыл алуунун 3-туру, ал эми колледждер менен орто кесиптик бөлүмдөргө кабыл алуунун 2-туру башталды. Абитуриенттер имараттын фойесинде орнотулган стенддерден КУУнун окуу түзүмдөрү тууралуу маалымат алып, андан кийин өздөрү тандаган факультет/институт/колледждердин техкатчыларына тактоочу суроолорду берип, толук маалымат алышкан соң, Билим берүү жана илим министрлигинин https://2020.edu.gov.kg сайтына кирип, онлайн режимде катталып жатышты.
Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усеновдун айтымында, экинчи турда университетке онлайн портал аркылуу жалпысынан 2171 абитуриент катталды (анын ичинен 1316 – контрактык бөлүмгө, 855 – бюджеттик бөлүмгө). Гранттык комиссиянын чечими менен 1458 абитуриент кабыл алууга сунушталып (1201 – контрактык бөлүмгө, 257 – бюджеттик бөлүмгө), жыйынтыгында, 1064 абитуриент документтерин тапшырды жана контракттын 50 пайызын төлөштү (881 – контракт, 183 – бюджет).
Эскерте кетсек, абитуриенттерди бакалавриатка каттоонун 3-туру 30-июль, саат 14:00гө чейин, ал эми колледждер менен орто кесиптик бөлүмдөргө каттоонун 2-туру 30-июль, саат 17:00гө чейин уланат.





