2025-жылдын 28-июль күнү Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратына барып, абитуриенттерди кабыл алуунун жүрүшү менен таанышты.

Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов ректорго кабыл алуу кампаниясынын жүрүшү тууралуу маалымат берип, экинчи турда университетке онлайн портал аркылуу жалпысынан 2171 абитуриент катталып, гранттык комиссиянын чечими менен 1458 абитуриент кабыл алууга сунушталганын жана 1064 абитуриент документтерин тапшырып, контракттын 50 пайызын төлөшкөнүн айтып берди. Жооптуу катчы о.э. педагогикалык багыттарга каржылоонун ваучердик системасы боюнча кабыл алуунун жүрүшү тууралуу да маалымат берди.

Кыдыруунун жүрүшүндө Догдурбек Чонтоев абитуриенттердин ата-энелеринин айрым суроолоруна жооп берди.

Эскерте кетсек, абитуриенттерди бакалавриатка каттоонун 3-туру 30-июль, саат 14:00гө чейин, ал эми колледждер менен орто кесиптик бөлүмдөргө каттоонун 2-туру 30-июль, саат 17:00гө чейин уланат.

Добавить комментарий