Химия жана химиялык технология кафедрасынын профессору Бообекова Сайнаке 2024-жылдын 7-мартында Кыргыз радиосунун «Дил маек» программасында бир саат маек куруп, өзүнүн балалык чагы, студенттик курагы, химия факультетин кантип таңдаганы, факультеттин калыптанышына жана гүлдөп-өсүшүнө кошкон салымы тууралуу айтып берди.

Ал эми 2024-жылдын 28-май күнү Биринчи радиодо «Ысык-Көл камкордукка муктаж» деген тема боюнча интервью берип, Ысык-Көлдүн суусу, айлана-чөйрөсү кандай химиялык заттар менен булганып жатканын, алар кандай кесепеттерге алып келеерин, жалпы экологиялык билим бериш керектигин айтты.

(С) Бообекова Сайнаке – химия жана химиялык технология кафедрасынын профессору

Добавить комментарий