2024-жылдын 11-13-июнда Азербайжан Республикасынын Баку шаарында Евразия университети тарабынан уюштурулган “XI түрк дүйнөсүндөгү изилдөөлөр” аттуу эл аралык симпозиум болуп өттү.
Иш чарага Туркия, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан Республикасынын окумуштуу-изилдөөчүлөрү катышты.
Симпозиумга кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын доценти Турдубаева Назгуль катышып, “Жусуп Баласагындын “Кутадгу билиг” чыгармасы жана түрк дүйнөсү” аттуу аталышта илимий баяндама жасап, сертификатка ээ болду.
(С) Турдубаева Назгуль – кыргыз адабияты кафедрасынын доценти





