2025-жылдын 24-июлунда 6-окуу имаратындагы 126-дарсканада КУУнун гранттык комиссиясынын отуруму болуп, колледждерге жана факультет/институттардын орто кесиптик бөлүмдөрүнө абитуриенттерди кабыл алуунун 1-туру жыйынтыкталды. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары, КУУнун биринчи проректору Алайбек Шамшиев алып барган жыйынга кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов жана Улуттук университеттин колледждери менен факультет/институттардын орто кесиптик бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Жыйындын башында Алайбек Шамшиев түзүм жетекчилеринин жыйынга катышуусун текшерип, катышпай жаткандарга кабыл алуу кампаниясына жоопкерчиликтүү мамиле кылуу зарылдыгын эскертти жана планы толбой жаткан түзүм жетекчилерине активдүү иштеп, планды толтуруу милдетин койду.
Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов кабыл алуунун жүрүшү боюнча жалпы маалымат берип, 1-турда Улуттук университеттин 3 колледжи менен 5 орто кесиптик билим берүү бөлүмдөрүнө жалпысынан 2180 абитуриент катталганын, анын ичинде:
- 510 абитуриент кесиптик колледжге
- 938 – юридикалык колледжге
- 193 – эл аралык колледжге
- 186 – И.Ч.Исамидинов атындагы педагогика институтунун орто кесиптик билим берүү бөлүмүнө
- 167 – Ош шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинин орто кесиптик билим берүү бөлүмүнө
- 38 – Талас шаарындагы орто кесиптик билим берүү бөлүмүнө
- 29 – Нарын шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинин орто кесиптик билим берүү бөлүмүнө
- 119 – Каракол шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинин орто кесиптик билим берүү бөлүмүнө
катталганын билдирди.
Андан ары ал “Абитуриент Онлайн” системасы аркылуу университеттин колледждери менен факультет/институттардын орто кесиптик бөлүмдөрүндөгү адистиктерге катталган абитуриенттердин, ал адистиктер боюнча ваканттык орундардын саны жана ал орундарга система тарабынан бөлүнгөн орундар тууралуу маалымат берип, өтүү баллын сунуштады. Өтүү баллдары түзүм жетекчилери менен макулдашылган соң, комиссия мүчөлөрү тарабынан ар бир адистик боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
1-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот. Министрликтин буйругу менен бекитилген графиктин негизинде окууга өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу 25,26,27-июль күндөрү кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратында эрте мененки 9.00дөн кечки саат 17.00гө чейин жүргүзүлөт.






