2025-жылдын 30-июль күнү 6-окуу имаратындагы 126-дарсканада КУУнун гранттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп, абитуриенттерди кабыл алуунун 3-туру жыйынтыкталды. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасы, КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев алып барган жыйынга Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Калыбек уулу Марат, кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов, о.э. факультеттердин декандары, институттардын директорлору катышты.

Жыйындын башында Догдурбек Чонтоев эки турдун жыйынтыгы менен Улуттук университетке 4871 абитуриент окууга өткөнүн билдирип, бул көрсөткүч былтыркыдан жакшы экенин, кабыл алуу планын аткаруу боюнча Кыргыз-кытай институту, Эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети, о.э. Юридикалык институт менен Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети алдыда экенин белгиледи жана планы толбой жаткан түзүм жетекчилерине активдүү иштеп, планды толтуруу милдетин койду. Ректор андан кийин 2-турда эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин бакалавриатына катталып, биринчи болуп документ тапшыргандыгы үчүн Аруна Азизбековага атайын сыйлыктарды тапшырды.

Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов кабыл алуунун жүрүшү боюнча жалпы маалымат берип, 3-турда Улуттук университетке жалпысынан 1087 абитуриент катталганын (анын ичинде 389 – бюджеттик бөлүмгө, 698 – контракттык бөлүмгө) билдирди. Бул көрсөткүч боюнча КУУ Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын арасында 2-орунду ээледи, ал эми биринчи орунга 1495 абитуриент менен  И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети чыкса, 794 абитуриент менен Ош мамлекеттик университети 3 орунда.

Андан ары ал “Абитуриент Онлайн” системасы аркылуу факультет, институттардын бакалавриаты менен магистратурасындагы багыттарга/адистиктерге катталган абитуриенттердин, ал багыттар/адистиктер боюнча ваканттык орундардын саны жана ал орундарга “Бишкек шаары”, “Кичи шаарлар”, “Тоолуу аймактар” жана “Айыл аймактары” деген категориялар боюнча система тарабынан бөлүнгөн орундар тууралуу маалымат берип, өтүү баллын сунуштады. Өтүү баллдары түзүм жетекчилери менен макулдашылган соң, комиссия мүчөлөрү тарабынан ар бир факультет/институт боюнча чечимдер кабыл алынды.

3-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот. Министрликтин буйругу менен бекитилген графиктин негизинде окууга өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу 31-июль жана 1, 2-август күндөрү кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратында эрте мененки 9.00дөн кечки саат 17.00гө чейин жүргүзүлөт (Ишемби күнү – эрте мененки 9.00дөн кечки саат 16.00гө чейин).

Добавить комментарий