2025-жылдын 31-июль күнү 6-окуу имаратындагы 126-дарсканада КУУнун гранттык комиссиясынын отуруму болуп, колледждерге жана факультет/институттардын орто кесиптик бөлүмдөрүнө абитуриенттерди кабыл алуунун 2-туру жыйынтыкталды. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары, КУУнун биринчи проректору Алайбек Шамшиев алып барган жыйынга кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов жана Улуттук университеттин колледждери менен факультет/институттарынын орто кесиптик бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Жыйындын башында Алайбек Шамшиев түзүм жетекчилери менен кабыл алуу кампаниясына байланышкан айрым маселелер боюнча пикир алышып, аларды чечүүнүн жолдорун сунуштады жана тапшырмаларды берди.
Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов кабыл алуунун жүрүшү боюнча жалпы маалымат берип, 2-турда Улуттук университеттин колледждери менен орто кесиптик билим берүү бөлүмдөрүнө жалпысынан 581 абитуриент, анын ичинде:
- кесиптик колледжге 360
- эл аралык колледжге 137
- Ош шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинин орто кесиптик билим берүү бөлүмүнө 52
- Талас шаарындагы орто кесиптик билим берүү бөлүмүнө 11
- Нарын шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинин орто кесиптик билим берүү бөлүмүнө 5
- Каракол шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинин орто кесиптик билим берүү бөлүмүнө 16
катталганын билдирди.
Андан ары ал “Абитуриент Онлайн” системасы аркылуу университеттин колледждери менен орто кесиптик бөлүмдөрүндөгү адистиктерге катталган абитуриенттердин, ал адистиктер боюнча ваканттык орундардын саны жана ал орундарга система тарабынан бөлүнгөн орундар тууралуу маалымат берип, өтүү баллын сунуштады. Өтүү баллдары түзүм жетекчилери менен макулдашылган соң, комиссия мүчөлөрү тарабынан ар бир адистик боюнча чечимдер кабыл алынды.
2-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот. Министрликтин буйругу менен бекитилген графиктин негизинде окууга өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу 1, 2, 3 – август күндөрү кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратында эрте мененки 9.00дөн кечки саат 17.00гө чейин жүргүзүлөт.
Колледждер менен орто кесиптик бөлүмдөрүнө абитуриенттерди кабыл алуунун 3-туру 4-август күнү башталат.






