А.А.Асанова атындагы менеджмент жана бизнес институтунда 2024-жылдын 24-майында «Долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу» курсу боюнча масштабдуу семинар-тренингдер башталды.

Үч күндүк квалификацияны жогорулатуу курсун Кыргыз Республикасынын жети облусунан келген ар кандай ишмердүүлүк тармагынын адистери өтүштү. Угармандар жеңил өнөр жай, тамак-аш, туризм, айыл чарба, билим берүү, медицина, банк жана кызмат көрсөтүү жана башка тармактардын өкүлдөрү болушту.

Жыл сайын долбоор жазуу менен инвестицияларды жана гранттарды тартуу үчүн керектүү билим алууну каалагандардын кызыгуусу өсүүдө. Өзгөчө стартаптарды жана мини бизнес-пландарды жазуу менен алектенген ишкерлердин жаш муундарынын гранттык долбоорлорго болгон кызыгуусу кубандырат. 

Квалификацияны жогорулатуу курстарынын уюштуруучулары жана тренерлери экономика илимдеринин кандидаттары, Менеджмент жана бизнес институтунун профессорлору жана доценттери, ошондой эле Маркетинг изилдөөлөр борборунун адистери, долбоордук ишмердүүлүк боюнча эксперттер: Керимкулова М.К., Мамбетова А.А., Эрмекова А. .Ш., Исмаилова Н.Р., Омуралиева А.И., Керималиева В.Ж., Корчуева С.А., Бакиева Н.К.

Семинар-тренингдин  жыйынтыгы менен 36 адам сертификат алышты.

“Долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу” квалификациясын жогорулатуу курсунан өтүүнү каалагандардын кезектеги агымын кабыл алуу уланууда (маалымат үчүн байланыш: 0505 270176).

(С) Керималиева В.Ж. – окуу иштери боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий