2024-жылдын 7-июнунда башкы имараттагы чоң жыйындар залында кыргыз филологиясы факультетинин мамлекеттик тил кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн “Ак жол сага, бүтүрүүчү” аттуу иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чара факультет деканы Б.Жайлообаевдин, кыргыз тили жана адабияты кыргыз тилинде окутулбаган билим берүү мекемелеринде кафедрасынын башчысы Э.Акуновдун жана куратору, аталган кафедранын доценти Н.Осмонованын куттуктоо сөздөрү менен башталды. Алар бүтүрүүчүлөргө каалоо-тилектерин билдиришип, жолдорунун байсалдуу, шыдыр болушун тилешти.  Кечеге келген ата-энелер университетке, анын ичинде факультеттин жалпы профессор-окутуучулар курамына ыраазычылыктарын билдиришип, иштерине ийгиликтерди каалашты.

Иш-чара студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

(С) Солтоноев Актилек – декандын тарбия иштери боюнча орун басары

Добавить комментарий