2025-жылдын 28-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде педагогика илимдеринин доктору, профессор Чыманов Жеңишбек Арыповичтин 70 жылдыгына арналган «Кыргыз тили жана аны окутуунун актуалдуу маселелери» деген аталышта эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Жыйынды мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев алып барды.
Юбиляр тууралуу видео-тасма көрсөтүлгөндөн кийин, Назаркул Ишекеев КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоевдин куттуктоосун окуп, Жеңишбек Чымановго ректораттын белектерин, «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл» юбилейлик медалын жана Түрксой эл аралык уюмунун алтын медалын тапшырды.
Расмий куттуктоолор менен мамлекеттик жана коомдук ишмер С.С.Касмамбетов, Б.М.Юнусалиев атындагы илимий институттун директору С.Ж.Мусаев, Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин КМШ жана жакынкы чет өлкөлөрүнүн тилдери жана маданияты кафедрасынын башчысы Жеңишгүл Хулхачиева–Байтерекова (онлайн) куттукташты.
Андан кийин кезек илимий баяндамаларга берилип, методист-окумуштуу Жеңишбек Чымановдун кыргыз тилин коммуникативдик багытта окутуу боюнча көз карашы, илимий мектеби тууралуу омоктуу ойлорун педагогика илимдеринин доктору, профессор, УИАнын корр.-мүчөсү Э.Мамбетакунов, педагогика илимдеринин доктору, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору А.Алимбеков, филология илимдеринин доктору, профессор, УИАнын корр.-мүчөсү Т.Маразыков, педагогика илимдеринин доктору, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун профессору М.Сыдыкбаевалар айтышты.
Конференциянын жүрүшүндө юбилярга куттуктоолорун о.э. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу котормо борборунун директору Тамара Абылкасымованын, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин илим башкармалыгынын башчысы Туркмен Жабудаевдин, Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин, ОшМУнун, ОшПМУнун, БатМУнун, К.Карасаев атындагы БМУнун жана К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректорлорунун куттуктоолору жана белектери тапшырылып, “Ош мамлекеттик университетинин ардактуу профессору” наамы ыйгарылды.
Конференциянын расмий бөлүмүнөн кийин 3 багыттагы секциялык отурумдарда 73 макала окулуп талкууланды. Секциялык иштердин акырында конференцияга делинген илимий макалалардын авторлоруна сертификаттар тапшырылды.
Чыманов Жеңишбек Арыпович
1955-жылы 7-январында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жети-Өгүз айылында туулган.
1962-1972-жылдары Жети-Өгүз айылындагы Д.Иманов (мурдагы С.М.Киров) атындагы орто мектепте окуган. Эмгек жолун 1972-жылы Жети-Өгүз айылындагы “Үлгү” колхозунда колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1973-1975-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1976-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Ж.Баласагын атындагы КУУ) филология факультетине кирип, 1981-жылы аяктап, кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча “Филолог. Окутуучу” квалификациясына ээ болгон.
Педагогика илимдеринин доктору, профессор Аскар Осмонкуловдун жетекчилиги менен 1996-жылы, 26-мартта “Кыргыз Республикасынын орто мектептеринин 5-классында байланыштуу кепти окутуунун методикасы” аталышындагы кандидаттык диссертациялык ишин коргоп, педагогика илимдеринин кандидаты жана 2016-жылы 11-июнда “Орто мектепте кыргыз тилин окутуунун лингводидактикалык негиздери” деген темада докторлук диссертациялык ишин ийгиликтүү коргоп, педагогика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасына ээ болгон.
2003-жылы доцент, 2017-жылы профессор илимий наамдары ыйгарылган.
Жеңишбек Чыманов 200гө жакын илимий-методикалык эмгекти жарыялаган. Анын ичинде 3 монографиясы, 7 окуу куралы, 3 сөздүк, жакынкы чет өлкөдө жарыяланган 5 макаласы, предметтик билим берүүнүн стандарты, окуу программасы, жаӊылоо концепциясы ж.б. бар.
Негизги эмгектери:
- Байланыштуу кепти окутуунун негиздери. – Бишкек, 1997. 96 б.
- Тил илимине киришүү. Авторлош. – Бишкек, 2001. 247 б.
- Дипломдук иш жазган бүтүрүүчүлөргө жардам. – Бишкек, 2004. 32 б.
- Тил жана кеп жөнүндө сөз. – Бишкек, 2005. 148 б.
- Чыманов Ж. Кыргыз тили: Сабактын теориясы жана практикасы. – Бишкек, 2007. 103 б.
- Кыргыз тили: Окутуу методдору. – Бишкек, 2007. 100 б.
- Кыргыз тили: Сабактын үлгүлөрү жана сабакты талдоонун жолдору. – Бишкек, 2007. 64 б.
- Кыргыз тилин окутуунун теориясы жана практикасы. – Бишкек, 2009. 488 б.
- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде мамлекеттик жана расмий тилде иш кагаздарын жүргүзүүнүн үлгүлөрү. – Бишкек, 2010.
- Эсенбек Мамбетакунов. Био-библиографиялык очерк – Бишкек, 2015.
- Кыргыз тилин эне тили катары окутуунун методологиясы. – Бишкек, 2015. 320 б.
- Кыргыз тилин эне тили катары окутуунун предметтик стандарты (5-9, 10-11-класста) . Авторлош. – Бишкек, 2015.
- Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мекемелеринде кыргыз тилин эне тили катары окутуунун концепциясы. – Бишкек, 2017.
- Кесиптик лицейлерде жалпы жана адистик предметтерди окутууга кɵрсɵтмɵлɵр. Авторлош. – Бишкек, 2020. 236 б.
- Академик Сыртбай Жолдошевич Мусаев. Илимий-популярдуу очерк. – Бишкек, 2024. 326 б.
Сыйлыктары:
- Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги (2001)
- КРнын Башкы прократурасынын Ардак грамотасы (2014)
- «Кыргыз тили» төш белгиси (2015)
- Ж.Баласагын атындагы КУУнун эмгек сиңирген изилдөөчүсү (2011, 2013, 2016)
- Ж.Баласагын атындагы КУУнун ардагери (2015)
- Ж.Баласагын атындагы КУУнун эмгек сиңирген кызматкери (2009) наамдары.
Жеңишбек Чыманов кыргыз филологиясы факультетинде “Кыргыз тилин окутуунун методикасы”, «Кыргыз тилин улуттук баалуулуктарга негиздеп окутуу», “Кыргыз тилин окутуунун тарыхы жана методологиясы”, “Кесиптик-педагогикалык ишмердүүлүктүн негиздери” аталышындагы методикалык негизги курстар боюнча дарс окуп, практикалык сабактарды жогорку деңгээлде өтүү менен студенттердин сый-урматына, кадырлоосуна ээ болуп келет.
1981-жылдан бери Жусуп Баласагын атындагы КУУда лаборант, аспирант, окутуучу, ага окутуучу, доцент, профессор, кафедра башчысы (2000-2008), азыркы учурда профессор К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн теориясы жана практикасы кафедрасынын профессору болуп эмгектенип жатат.
Жеңишбек Чыманов 2011-жылдан бери 13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы адистиги боюнча докторлук жана кандидаттык диссертациялык кеңештин мүчөсү, “Кыргыз тесттин” эксперти, НББАнын методикалык кеңешинин мүчөсү, “Эл агартуу” журналынын редколлегиясынын мүчөсү болуп саналат.
Жеңишбек Чыманов – университеттин жалпы эмгек жамаатынын, студенттердин кадырлоосуна ээ болгон, беделдүү педагог-окумуштуу.