2025-жылдын 27-ноябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Москва мамлекеттик лингвистикалык университети тарабынан ишке ашырылып жаткан ири долбоордун алкагында Бишкекте өтүп жаткан “Айтматов окуулары” эл аралык форумунун экинчи күндөгү иш-чаралары уланууда. Форумдун жүрүшүндө КУУнун журналистика жана коммуникация институту форумду уюштуруучулардын бири катары профессионалдык колдоосу менен өзгөчө роль ойноду.
Форумдун алкагында бир нече маанилүү иш-чаралар өттү. Алардын катарында:
- “Айтматовду дүйнө тилдеринде окуу” аттуу эл аралык медиа сынак;
- Россиялык жана кыргызстандык белгилүү жазуучулар катышкан “Айтматовдой бол! XXI кылымда ийгиликке жетүү жолдору” аттуу коомдук баяндама;
- Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына арналган интеллектуалдык квиз.
Бул форум Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин “КМШ өлкөлөрүнүн маданий мейкиндигинде жана дүйнөлүк көркөм маданиятта Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына дисциплиналар аралык илимий жана билим берүү мамилелеринин системасын иштеп чыгуу” долбоорунун алкагында уюштурулууда. Ал Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган 2023–2024-жылдардагы иш-чаралардын логикалык уландысы болуп саналат жана 2028-жылы белгилене турган улуу жазуучунун 100 жылдык мааракесине даярданууга негизги платформа катары кызмат кылууда.
Форумга Россиянын бир катар университеттеринен жана илимий институттарынан Айтматовдун чыгармаларын изилдеген адистер, ошондой эле Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын мугалимдери жана студенттери катышууда.
Журналистика жана коммуникация институтунун уюштуруучулук эмгеги форумдун бардык этаптарында байкалды. Институттун студенттери медиа контентти жандуу түрдө даярдап, иш-чараларды чагылдырууда журналисттик чеберчилигин көрсөтүп жатышса, окутуучулар талкууларды өткөрүүгө, конокторду жолугушууларга багыттоого, форумдун мазмундук бөлүгүн жүргүзүүгө салым кошууда.
Форумдун ийгиликтүү өтүшүнө кошкон бул эмгек институттун өлкөдөгү гуманитардык билим берүүнүн өнүгүшүндөгү ролун жана Чыңгыз Айтматовдун мурасын жаңы муунга жайылтуудагы маңызын дагы бир жолу айкындап турат.
(С) П.Джаныбекова – адис
“Айтматовду дүйнө тилдеринде окуу” аттуу эл аралык медиа сынак
Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына арналган интеллектуалдык квиз



































