Жакында Scopus’та жана Web of Science’те квартили Q1 болгон “Kragujevac Journal of Mathematics” журналынын редакциясынан жагымдуу кабар келди. Анда профессор Бекболот Канетовдун өзүнүн окуучулары менен биргеликте жазган эки илимий макаласы кабыл алынып, ал журналдын келерки жылдагы 9-10 — номерлеринде жарык көрөрү айтылган. Ага чейин квартили Q2 болгон Сербиядан чыкчу “Filomat” журналынын октябрь айындагы санында бир илимий макаласы, Америкалык “American Institute of Physics” жана Азербайжандык “Trancaction issue Mathematics of Natioinal Academy of Sciences of Azerbaijan” журналдарында алты илимий макалалары жарык көрдү.

Ошентип, профессор Б.Канетовдун үстүбүздөгү жылдын ичинде квартилдери жана импакт факторлору жогору болгон журналдарда 9 илимий макаласы кабыл алынып, жарыкка чыгып жатат.

Дагы бир жагымдуу кабар — үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрында “Kyrgyz National H-index Ranking” өзүнүн бул жылдын 4–кварталындагы рейтингин жарыялады. Анда профессор Бекболот Канетов университетибиздин скопустагы Хирш индекси (Н=8) боюнча эн алгачкы сапчасын ээледи.    

Профессор Б.Канетовдун мындай жетишкендиктерин кесиптешетри кызуу куттукташып бекем ден-соолук каалап, андан ары дагын көптөгөн ийгиликтерге жетишине тилектеш экендиктерин билдиришүүдө.   

(М) Рахманкулов Б.З. — ф.-м.и.к., доцент

Добавить комментарий