2025-жылдын 21-ноябрында Башкыртостан Республикасынын Уфа шаарында“Улуттук педагогикалык форум” аттуу Эл аралык форум, 22-23-ноябрында М.Акмулла атындагы Башкыр педагогикалык университетинде “ХХ. Акмулла окуулары” аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Аталган иш-чараларга Кыргызстан, Армения, Россиянын Чувашия, Саха республикасынан жана Казань, Орел, Воронеж, Санкт -Петербург шаарларынан окумуштуу-изилдөөчүлөр, анын ичинде Ж.Баласагын атындагы КУУдан тарых жана чөлкөм таануу институтунан профессор, т.и.д. А.Р.Бикбулатова “Вкдад Каюма Гайнановича Мифтакова в изучение кыргызского фолькора”, кыргыз филологиясы факультетинин доценти, ф.и.к. Н.Ш.Турдубаева “Выдающиеся деятели, оставившие заметный след в науке Кыргызстана: К.Рахматуллин и М.Богданова” аттуу илимий баяндамалары менен катышышты.
(С) Турдубаева Назгуль – кыргыз филологиясы факультетинин илимий иштер боюнча деканынын орун басары, доцент, ф.и.к.