День: 06.05.2024

Ректор Евразиялык студенттик олимпиадада 1-орунду ээлеп келген ЭЖМдин студенттерин кабыл алды

2024-жылдын 6-май күнү ректор Төлөбек Абдырахманов 28-29-март күндөрү Россиянын элдердин достугу университетинде болуп өткөн “Бухучет вокруг нас” аталышындагы Евразиялык студенттик олимпиаданын командалык турниринде 1-орунду ээлеп келген экономиканын жогорку мектебинин студенттерин…

Башкы имаратта “КУУнун бүтүрүүчүлөрүнүн галереясы” аталышындагы интерактивдүү панель орнотулду

2024-жылдын 6-майында башкы имараттын 1-кабатындагы фойеге “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн галереясы” аталышындагы интерактивдүү панель орнотулду. Түзүлүш менен ректор Төлөбек Абдырахманов таанышып, аны иштетүү боюнча айрым сунуш-пикирлерин айтты.

“Педагогикалык колледждин  мыктысы” аныкталды

2024-жылдын 30-апрелинде И.Ч.Исамидинов атындагы ПКМДИнин педагогикалык колледжинде студенттерин билимин, жөндөмүн, ар тараптуу талантын жакшыртуу жана активдүүлүктү көрсөткөн, келечекте мыкты мугалим боло ала турган студенттерди аныктоо максатында уюштурулган “Педагогикалык колледждин мыктысы”…

ЖКИде М.Мамбетакуновдун өнөрканасы ачылып, “Мен репортер” сынагынын жыйынтыгы чыгарылды

Журналистика жана коммуникация институтунда КРдин эмгек сиңирген ишмери, КРдин эл артисти, III даражадагы “Манас” орденинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Алтын калем” сыйлыгынын ээси, профессор Молдосейит Мамбетакуновдун институттун алдындагы өнөрканасынын ачылышы…

ТжКТ бөлүмүнүн окутуучулары Бурул Элебесова менен Фаризат Курамаева Самаркандда иш сапарында болушту

2024-жылдын 2-майында Кыргыз филологиясы факультетинин түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы ф.и.к. Бурул Элебесова жана ага окутуучу Фаризат Курамаева мобилдүүлүк боюнча Шаров Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетине барышты. Кыргызстандык кесиптештерин…

ТжКТ бөлүмүнүн окутуучулары Ташкент мамлекеттик чыгыш таануу университетине иш сапары менен барышты

2024-жылдын 1-майында Кыргыз филологиясы факультетинин Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн башчысы ф.и.к. Бурул Элебесова жана ага окутуучу Фаризат Курамаева Ташкент мамлекеттик чыгыш таануу университетине иш-сапары менен барышты. Аларды Тышкы иштер…