День: 20.03.2024

Ректор Төлөбек Абдырахмановдун Нооруз майрамы менен куттуктоосу

Урматтуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучулары, кызматкерлери жана студенттери! Сиздерди Улустун улуу күнү – Нооруз майрамыныздар менен ректораттын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм! Бул майрам –…

№5-жатаканада Нооруз майрамына карата Сармерден өткөрүлүп, сүмөлөк кайнатылды

2024-жылдын 19-март күнү №5-жатаканада Нооруз майрамына карата Сармерден өткөрүлүп, сүмөлөк кайнатылды. Жатакананын кыз-жигиттери Сармерден оюнун көргөзүшүп, Манас айтып, ыр-бийлерди аткарып, табышмак, жаңылмачтарды айтышты. Студенттердин оюнуна курамына Жогорку Кеңештин социалдык саясат…

Матфактын студенттик активи №21-орто мектептин мугалимдери менен жолугушту

2024-жылдын 18-март күнү математика жана информатика факультетинин студенттик активи Бишкек шаарындагы №21-жалпы орто билим берүүчү мектептин мугалимдери менен жолугушту. Декандын тарбия иштери боюнча орун басары Бактияр Рахманкулов мектеп директору Жеңиш…

Кыргыз филологиясы факультетинде Нооруз майрамына карата сармерден оюну өткөрүлдү

2024-жылдын 18-мартында №5-окуу имаратынын жыйындар залында филология (кыргыз) багытынын жана котормо жана котормо таануу адистигинин 1-курс студенттери арасында сармерден оюну өткөрүлдү. Студенттер келген көрүүчүлөргө өнөрлөрүн көрсөтүшүп, жагымдуу маанай тартуулашты. Оюн…

Амантур Рыспаев россиялык ЖОЖду аккредитациялоого катышты

2024-жылдын 12-15 – күндөрү компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору Амантур Рыспаев Новосибирск мамлекеттик экономика жана башкаруу университетинде болуп, эксперттик кеңештин төрагасы катары Улуттук кесиптик жана коомдук борбордо «Маалыматтык…

Октябрь Капалбаев МжМБ факультетинин студенттерине конок лекция окуду

2024-жылдын 18-мартында Президенттик Администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары – стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы, этнограф, тарых илимдеринин доктору, профессор Октябрь Капалбаев башкы имараттагы кичи…