2024-жылдын 19-март күнү №5-жатаканада Нооруз майрамына карата Сармерден өткөрүлүп, сүмөлөк кайнатылды.

Жатакананын кыз-жигиттери Сармерден оюнун көргөзүшүп, Манас айтып, ыр-бийлерди аткарып, табышмак, жаңылмачтарды айтышты. Студенттердин оюнуна курамына Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаеванын кеӊешчиси Темирлан Акматов, “Де факто” гезитинин башкы редактору Амантур Мусагулов, жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору Алмаз Кадыр уулу, физика жана электроника факультетинин доценти Рапия Исаева, журналистика жана коммуникация  институтунун директору Ширин Костюк жана кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бактыбек Жайлообаев кирген калыстар тобу баа беришти.

Алардын чечими менен эки тайпа бирдей 185 балл алып, теӊ чыгышты.

Оюндун соңунда калыстар тобунун мүчөлөрү  сөз сүйлөшүп, мыкты оюн көргөзгөндүгү үчүн кыздар жана балдарга алкоолорун айтышып, оюндун уюштуруучусу, жатакананын  коменданты Гүлнара Сүйүмкүловага тереӊ ыраазычылыктарын билдиришти. Калыстар тобунун мүчөсү Ширин Костюк бул Сармердендин өзгөчөлүгү катары оюнду алып барган “Эрке бала”, “Шайыр жеңенин” ордуна “Билги бала”, “Зирек кыз” деген жаӊы аталыш киргизилгендигин, бул аталыш башкаларга да өрнөк болушу керектигин белгиледи.  

Сармердендин жүрүшүндө сүмөлөк да кайнатылып жатты.

Иш-чара аяктаган соӊ, орозо кармаган коноктор жана жатаканада жашаган студенттер үчүн ооз ачыруу болду.

Добавить комментарий