2024-жылдын 18-мартында №5-окуу имаратынын жыйындар залында филология (кыргыз) багытынын жана котормо жана котормо таануу адистигинин 1-курс студенттери арасында сармерден оюну өткөрүлдү.

Студенттер келген көрүүчүлөргө өнөрлөрүн көрсөтүшүп, жагымдуу маанай тартуулашты. Оюн тамаша-күлкү менен коштолуп, көңүлдүү атмосферада өттү. Кечеге калыстык кылган профессор-окутуучулар факультетке абдан таланттуу студенттер келгенин белгилешип, аларга мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалашты.

Оюндун соңунда факультет деканы Б.Жайлообаев жалпы конокторду Нооруз майрамы менен куттуктап, университеттин, анын ичинде факультеттин өнүгүп-өсүшүн каалап, оюн курган топторго грамоталарды тапшырды. 

(С) А.Солтоноев – тарбия иштери боюнча декандын орун басары

Добавить комментарий