2024-жылдын 12-15 – күндөрү компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун директору Амантур Рыспаев Новосибирск мамлекеттик экономика жана башкаруу университетинде болуп, эксперттик кеңештин төрагасы катары Улуттук кесиптик жана коомдук борбордо «Маалыматтык системалар жана технологиялар», «Колдонмо информатика», «Инновациялар», «Фундаменталдык информатика жана маалыматтык технологиялар» багыттары боюнча билим берүү программаларынын кластерин эл аралык кесиптик жана коомдук аккредитациялоого катышты.

Аталган борбор Россиянын Билим берүү жана илим министрлигинин аккредитациялоочу уюмдарынын тизмесине киргизилген, INQAAHE, APQN, IREGдин толук кандуу мүчөсү болуп саналат жана Азиялык билим берүүнүн сапатын камсыздоо реестринде расмий катталган.

Иш сапардын жүрүшүндө Амантур Рыспаев Новосибирск мамлекеттик экономика жана башкаруу университетинин ректору, профессор Павел Новгородовдун кабыл алуусунда болуп, Ж.Баласагын атындагы КУУнун компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту менен илимий-практикалык  жана тышкы академиялык мобилдүүлүк алкагында кызматашуу максатында келишимдер түзүлдү.

(С) Махабат Сыдыкова – директордун орун басары 

Добавить комментарий