2024-жылдын 18-март күнү математика жана информатика факультетинин студенттик активи Бишкек шаарындагы №21-жалпы орто билим берүүчү мектептин мугалимдери менен жолугушту. Декандын тарбия иштери боюнча орун басары Бактияр Рахманкулов мектеп директору Жеңиш уулу Азим көп жылдан бери билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип келгендиги, анын педагогикалык ишмердүүлүгү өз жемишин берип, бүткүл чыгармачылык кудуретин келечек ээлерине жумшаганын баса белгилеп, бүгүнкү жолугушуу студенттер үчүн өрнөк боло тургандыгы тууралуу айтып, агайдын жетекчилик ишине ийгилик каалап, элибизге мындан ары да ак кызмат кылуусуна тилектеш экендигин билдирди.

Директор өзү жетектеген мектептин материалдык-техникалык базасы, тарыхы, коллективи, мектеп окуучуларынын областтык жана республикалык олимпиадалардагы ийгиликтери тууралуу кеңири маалымат берип, 2023-2024-окуу жылында “Жүрөгүм менин балдарда” шаардык кароо сынагынын “Жылдын мыкты мугалими – 2023” аталмасында өткөрүлгөн конкурста 1-орунга ээ болуп, Бишкек мэриясы тарабынан 200 000 сом сыйлык алган башталгыч классынын мугалими Шахсанам Рахманкулова тууралуу сөз кылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө чогулуштун катышуучулары USAIDдин “Окуу керемет” долбоору – башталгыч класстардын окуучуларынын окуу жана математика боюнча окуу жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган беш жылдык долбоор тууралуу, №21-орто мектеп менен МжИ факультетинин ортосундагы илимий-маданий жаатта кызматтык мамилелерди түзүү жана өркүндөтүү жөнүндө кеңири маалымат алышты.

Башталгыч класстын мугалими Шахсанам  Рахманкулованын айтымында, учурунда КУУнун студенти болуп, педагогикалык практика өтүү мезгилинде толугу менен катышып, тиешелүү методикалык тажырыйба топтоого жетишип, мугалимдин кесиптик ишмердүүлүгүнүн түрдүү жактары менен иш жүзүндө таанышкандыгы, анын мугалимдик кесипке болгон кызыгуусун күчөткөндүгү тууралуу сөз кылып, университетте билим берген агай-эжейлерине өз ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуунун соңунда, факультет активисттери мектеп директору Азим агайга жылуу тосуп алып, кызыктуу пикир алышуу мүмкүнчүлүгүн түзгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, ага чың ден соолук тилеп, мындан ары да албан-албан чыгармачыл ийгиликтерди каалашты.

Өрнөк алуу максатында өткөрүлгөн бул иш-чара мындан кийин да уланып, уюштуруу тобу каалоочуларды чакырат.

Белгилей кетчү нерсе, Шахсанам Рахманкулова 2000-2005-жылдары КУУнун математика, информатика жана кибернетика факультетинин “Математика” адистигин,  2017-2019-жылдары И. Арабаев атындагы КМУнун квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды даярдоо институтунун “Педагогика” багытынын бүтүрүүчүсү, “Жылдын мыкты мугалими – 2023” номинациясынын, КРнын билим жана илим министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин “Ардак грамоталарынын” ээси.

(С) Бактияр Рахманкулов — тарбия иштери боюнча декандын орун басары, ф.м.и.к., доцент

Добавить комментарий