2024-жылдын 6-март күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында негизги маселе катары “Ж.Баласагын атындагы КУУнун санариптештирүүнүн абалы жана келечеги”, “КУУнун Стратегиялык планынын 2022-2023-окуу жылында аткарылышы жана 2023-2024-окуу жылында аткаруу багыттары”, “Менеджмент жана бизнес институтунда КУУнун стратегиялык планынын 2022-2023-окуу жылында аткарылышы жана 2023-2024-окуу жылында аткаруу багыттары”, “Чет тилдер факультетинде КУУнун стратегиялык планынын 2022-2023-окуу жылында аткарылышы жана 2023-2024-окуу жылында аткаруу багыттары” жана башка ар түрдүү маселелер каралды. 

Отурумдун башында ректор кворумду текшерип, күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң, Окумуштуулар кеңешинин отуруму өз ишин баштады.

Алгач, мамлекеттик жана коомдук ишмер, саясий илимдердин доктору Иманалиев Каныбек Капашовичке, көрүнүктүү публицист, Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы Султанбаев Абдыкадыр Дардановичке жана кыргыз эл жазуучусу, адабиятчы, коомдук ишмер Жусупов Кеңеш мырзага “КУУнун ардактуу профессору” наамын ыйгаруу жөнүндө маселе каралды.

Түзүм жетекчилери талапкер тууралуу маалымат берген соң, талапкерлерге добуш берилди.

КУУнун айрым билим берүү программаларын кезектеги аккредитацияга жана өзүн-өзү баалоого даярдоо жөнүндө окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов маалымат берген соӊ, төмөндөгү маселелер каралды:

  • Журналистика жана коммуникация институтунда М.Мамбетакуновдун өнөрканасын, А.Матисаковдун мектебин жана “Россия” медиаборборун ачуу жөнүндө;
  • Ж.Баласагын атындагы КУУнун алдында кыргыз-япон институтун ачуу жөнүндө;
  • Тарых жана чөлкөм институтунун Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын профессору, т.и.д. Джуманалиев Тынчболот Дадыевичтин “Полития кочевых обществ: эволюция, организация и структура управления” аттуу китебин КУУнун басмаканасынан басып чыгарып берүүгө көмөктөшүү жөнүндө;
  • Юридика институтунун кылмыш-жаза процесси жана соттук экспертиза кафедрасынын доценти Маматкулов Азамат Токтосунович тарабынан даярдалган “Особенности уголовного судопроизводства в отношении  отдельных категорий лиц” аттуу окуу куралына Билим берүү жана илим министрлигинин грифин берүү жөнүндө;
  • Юридика институтунун кылмыш-жаза процесси жана соттук экспертиза кафедрасынын профессору Сманалиев Кынатбек Мойнокович, Саякбаев Таласбек Аскарович жана ага окутуучу Аязбекова Айна Узеновна тарабынан даярдалган “Правоохранительные органы Кыргызской Республики” аттуу окуу куралына Билим берүү жана илим министрлигинин грифин берүү жөнүндө.

Каралган маселелер боюнча окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов,  илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев, журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк маалымат беришип, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

“Ж.Баласагын атындагы КУУнун санариптештирүүнүн абалы жана келечеги” туралуу окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов өтө терең, мазмундуу жана көрсөтмөлүү баяндама жасады. Андан кийин трибунага менеджмент жана бизнес институту директору Мээрим  Керимкулова менен чет тилдер факультетинин деканы Зухра Гузеева чыгышып, өздөрү жетектеген түзүмдөрдө КУУнун стратегиялык планынын 2022-2023-окуу жылында аткарылышы жана аталган планды 2023-2024-окуу жылында аткаруу багыттары тууралуу отчет беришти.

Добавить комментарий