2025-жылдын 24-октябрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин окутуучулары Сатыбалдиева А.К. жана Акунова А.М. Кыргызстандын эл аралык университетинде болуп өткөн “Аял лидерлер жана гендердик саясат” аталышындагы илимий тегерек столго катышышты.
Бул иш-чара “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы жетекчилик кызматтардагы гендердик аспектилер” темасындагы мамлекеттик буйрутма боюнча илимий-прикладдык изилдөөсүнүн алкагында өткөрүлдү. Тегерек столду уюштуруу иштерин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Кыргыз Республикасынын эл аралык университетинин, Инвестициялар академиясынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын изилдөөчүлөрүнөн турган жумушчу топ аткарышты.
Жумушчу топтун мүчөлөрү, илимий изилдөөчүлөр: философия илимдеринин кандидаты, доцент Арапова Э.Б., тарых илимдерин кандидаты, доцент Сатыбалдиева А.К., юридика илимдеринин кандидаты, доцент Камил кызы Г., ага окутуучу Акунова А.М., окутуучулар Сүймөнова Ж.М. жана Тагайбекова Ж.Т.
Тегерек столго КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү, Мамлекеттик статистика кызматынын өкүлдөрү, КР БУУнун Аялдар түзүмүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, окутуучулар, окумуштуулар, эксперттер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ЖМК өкүлдөрү, бей өкмөт уюмдарынын лидер аялдары катышышты.
Конференциянын сыйлуу коноктору катары КР БУУнун Аялдар түзүмүнүн өкүлү доктор Сайед Садик жана Бишкек шаарынын вице-мэри В.А.Мозгачева болду. Сайед Садик өз сөзүндө: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу демократиялаштыруунун жана туруктуу өнүгүүнүн негизи болуп саналат, бирок чечим кабыл алууда гендердик айырмачылыктар сакталып калууда. Гендердик теңчилик – бул адам укуктарынын милдеттенмеси жана натыйжалуу, жоопкерчиликтүү жана инклюзивдүү институттардын зарыл шарты. Аялдардын толук, тең укуктуу жана маңыздуу катышуусу ачык-айкындуулукту, ишенимди жана жоопкерчиликти жогорулатары далилденген”,- деп баса белгиледи.
Бул иш-чара аялдардын укуктарын алдыга жылдырууга жана саясат жана практика боюнча сунуштарды иштеп чыгууга багытталган бир катар изилдөөгө негизделген демилгелерди өнүктүрүүгө багытталды.
(С) Сатыбалдиева А.К. – Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканынын илимий иштер боюнча орун басары, т.и.к., доцент
