2024-жылдын 9-апрелинде башкы имараттагы чоң жыйындар залында Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов алып барган жыйында негизги маселе катары “2023-жылдагы каржы иштеринин жыйынтыгы”, “География, экология жана туризм факультетинде КУУнун стратегиялык планынын 2022-2023-окуу жылында аткарылышы жана 2023-2024-окуу жылында аткаруу багыттары”, “Кыргыз-европа факультетинде КУУнун стратегиялык планынын 2022-2023-окуу жылында аткарылышы жана 2023-2024-окуу жылында аткаруу багыттары”, “Кыргыз-кытай институтунда КУУнун стратегиялык планынын 2022-2023-окуу жылында аткарылышы жана 2023-2024-окуу жылында аткаруу багыттары” жөнүндө жана башка ар түрдүү маселелер каралды. 

Отурумдун башында ректор кворумду текшерип, күн тартибин добушка койду. Ал бекитилген соң, Окумуштуулар кеңешинин отуруму өз ишин баштады.

Алгач, п.и.к., кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун доценти Айнура Байтоковага, г.и.к., экология жана жаратылышты пайдалануу кафедрасынын доценти Нурбек Тенирбердиевге жана э.и.к., кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун доценти Азык Орозоновага “доцент” наамын ыйгаруу жөнүндө маселе каралды. Түзүм жетекчилери талапкер тууралуу маалымат берген соң, Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү QR-код аркылуу аларга жашыруун добуш беришти.

Андан кийин, филология илиминин доктору, Бээжиндеги Борбордук улуттар университетинин постдоктору, Кытай коомдук илимдер академиясынын улук илимий кызматкери, профессор, дүйнөлүк деңгээлдеги манас таануучу, фольклорист, котормочу, түрколог, адабиятчы Адыл Жуматурду уулуна; Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору Имазов Мухамед Хусезовичке; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Исаева Джамиля Кубанычбековнага; Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, илим жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун отличниги, КУУнун эмгек сиңирген кызматкери, КУУнун “Мыкты лектору” Осмонов Доктурбек Мырзакматовичке “КУУнун ардактуу профессору” наамын ыйгаруу жөнүндө маселе каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Жалпы мектепке чейинки, орто билим берүү уюмдарынын жетекчилерин жана жетекчилеринин орун басарларын жана педагогдорун, педагог-психологдорду, социалдык педагогдорду окутуу үчүн ” Инсанды өнүктүрүүчү билим берүү чөйрөсүн түзүүнү башкаруу”, “Инсанды өнүктүрүүчү билим берүү чөйрөсүн түзүүнү башкаруу” багыты боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарынын билим берүү программаларын; “Педагогика” дисциплинасы боюнча кошумча кесиптик билим берүү программасын бекитүү жөнүндө окуу иштери боюнча проректор Жеңиш Бексултанов, ал эми КУУнун айрым кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктарга талапкерлерди сунуштоосу жөнүндө мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан билдирүү жасашты.

Юридикалык институттун мамлекет жана укук теориясы жана тарыхы жана эл аралык укук кафедрасынын алкагында “Укук мектебин” ачуу жөнүндө чечим кабыл алынган соң, 2023-жылдагы каржы иштеринин жыйынтыгы тууралуу башкы бухгалтер Бакай кызы Жамила баяндама жасап, өздөрү жетектеген түзүмдөрдө КУУнун стратегиялык планынын 2022-2023-окуу жылында аткарылышы жана аталган планды 2023-2024-окуу жылында аткаруу багыттары тууралуу география, экология жана туризм факультетинин деканы Рыскүл Токторова, кыргыз-европа факультетинин деканы Анара Камалова жана кыргыз-кытай институтунун директору Софья Апаева отчет беришти.

Жыйындын жүрүшүндө ректор Төлөбек Абдырахманов окуу жайдын өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн КУУнун мурдагы ректору Канат Садыковго, окуу иштери боюнча проректорлору Бекжан Темиров менен Эрлан Базарбаевге, административдик-чарба иштери боюнча проректору Туратбек Суранаевге, окумуштуу катчысы Гүлзыйнат Аркабаевага жана эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факукльтетинин деканы Ырысбүбү Бейбутовага чакан белектерди, ал эми КУУнун окумуштуулары Кундуз Омуралиева, Асылгүл Жуматаева жана Мирбек Айтымбетовдорго “илимдин кандидатынын” дипломдорун тапшырды.

Добавить комментарий